Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев өлкөдө эттин кымбатташынын бир нече себептерин атады.
Ал “Кабар” агенттигинин түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып, Кыргызстан орто эсеп менен 300 миң тонна эт талап кыларын, бул көлөмдү камсыз кылуу оңой эместигин белгиледи.
“Бул чоң көрсөткүч, мындай көлөмдөгү малды багып, жеткирүү да оңой эмес. Бул маселелер эттин баасына түз таасир этүүдө. Ооба, баа өсүүдө - бул чындык. Бирок, биз кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатабыз”, - деди.
Орозбаев өлкө боюнча эттин баасын көзөмөлдөө кыйын болуп жатканын мойнуна алды.
Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленди. Бирок социалдык тармактарда базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазышууда. (TSh)