Кыргызстанда орточо жашоо минимуму 8 758 сом деп эсептелди

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын III кварталында орто эсеп менен жашоо минимуму жалпы өлкө боюнча 8 758 сом 60 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.

Комитет өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу жашоо минимуму 11% өскөнүн белгиледи.

Аймактар боюнча жашоо минимумунун суммасы эң чоң Бишкек шаарында 9114 сом, эң аз Ысык-Көл облусунда 8017 сом деп эсептелген.

2024-жылдын аягына карай орточо жашоо минимуму 7963 сом 72 тыйын деп эсептелген. 2023-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7756 сом деп болгон.

Жашоо минимуму – бир адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүктүн, тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. (TSh)

Дагы караңыз

Монополияга каршы кызматынын жетекчиси эттин баасы боюнча түшүндүрмө берди