Жаңылыктар | 13.10.2025 | Пакистан менен Ооганстандын чек арасында атышуу болуп, бир нече жоокер өлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы беш райондо эки тараптын күчтөрүнүн ортосунда айыгышкан атышуу болуп, бир нече жоокер өлдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машал” радиосу маалымдады. Радионун Пакистандын күч кызматтарындагы булактары ырастагандай, 12-октябрдын таңына карата пакистандык үч жоокер жана бир жайкын тургун мерт болуп, беш киши жаракат алды. Пакистан тараптагы айрым тургундар чек арадан оолактап, коопсуз жактарга жер которуп жатканы кабарланды.