Израил ХАМАСтан алган төрт кишинин сөөгүнүн арасынан үчөөнү аныктоо мүмкүн болгонун билдирди

Газа.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук деп жарыялаган топ) өткөрүп берген төрт кишинин сөөгүнүн арасынан үчөөнү гана аныктоо мүмкүн болгонун билдирди. ЦАХАЛдын эксперттерине алар шейшемби күнү өткөрүлүп берилген.

"Бир кишинин сөөгү барымтада каза болгондордун бирине да таандык эмес", - деп айтылды маалыматта.

Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп ХАМАСтан туткунда каза болгондордун баарынын сөөгүн өткөрүп берүүнү талап кылды.

Трамптын тынчтык планынын биринчи этабынын негизинде барымтада кармалып келгендердин арасынан калган 20 киши жана сегиз кишинин сөөгү дүйшөмбүдө жана шейшембиде өткөрүлүп берилген. Буга жооп катары Израил түрмөлөрүндө кармап отурган 1968 палестинди бошоткон.

Трамптын Газада тынчтык орнотуу планынын кийинки этабы туткундардын бардыгы айырбашталгандан кийин талкууланары маалымдалган. (RK)