Орусияда казакстандык киши "Питер FM" радиостанциясынын эфирине кирип барып, согушка каршы ураан чакырганы үчүн кармалды.
"Фонтанка" жана 78.ru. сайттары жазганына караганда, окуя шаршембиде болгон. Нурлан аттуу 52 жаштагы киши Орусияга августтун аягында турист болуп келген жана Санкт-Петербург шаарындагы мейманканага токтогон.
Полиция бөлүмүндө майда бейбаштык тууралуу административдик протокол түзүлдү. "Фонтанка" кылмыш иши азырынча козголо электигин кабарлады. Ал эми 78.ru казакстандык кишиге иш козгоо маселеси каралып жатканын жазды.