Киев менен Москва Запорожье АЭСинин аймагында ок атышпоону макулдашты

Орусия менен Украина электр түйүндөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына ок атпоону сүйлөштү. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирди.

Европадагы эң ири атомдук электр станциясын Орусия 2022-жылы Украинага кол салганда басып алган. Электр энергиясын өндүрүү токтотулган, бирок станцияга сырттан электр энергиясы менен камсыздоо зарылдыгы бар. АЭСти электр линияларына туташтырган байланыш иштен чыккан, буга Москва менен Киев бири-бирин айыптап жатат.

Агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси билдиргендей, оңдоочу адистер ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин негизинде объектиге кирүүгө уруксат алышкан. Запорожье атомдук электр станциясы төрт жума бою сырттан электр менен камсыздалбай калган жана электр энергиясын дизелдик генераторлордон алып турган.

Дагы караңыз

Бишкекте бир баланын өмүрүн алган кырсыкка шектелип жашы жете элек айдоочу кармалдыОшто көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыктыЖурналист Вадим Ночевкин каза болдуReuters Индия Орусиядан мунай импортун эки эсе кыскартып жатканын жазды