Ошто өрт чыккан үйдү мэрия калыбына келтирет

Ош шаарында өрт чыккан турак үйдүн калыбына келтирүү ишин мэрия жүргүзө турганын калаа мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди. Ал 19-октябрда эртең менен өрт чыккан турак үйдөн кабар алып, жашоочуларга жолукту.

“Мага президентибиз Садыр Нургожоевич тапшырма берип, “өзүң көзөмөлгө ал, күйүп кеткен чатырды, үйлөрдү толук бүтүр” деди. Кыжалат болбогула”, - деди шаар мэри.

Анын айтымында, үйдүн эң жогорку 13-кабаты толугу менен күйүп кеткен. Бул кабаттагы батирлердин үчөөсүндө киши жашаса, алтоо оңдолуп бүтө элек болгон. 12,11,10 жана 6-кабатта бирден батир күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абдылдаев өрт толук өчүрүлүп бүткөнүн, жалпы 1 миң 895 метр чарчы метр жер күйгөнүн билдирди. Өрттүн чыгышына электр чубалгыларынын күйүп кеткени себеп болгонун кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19-октябрдын таңында Ош шаарындагы көп кабатуу үйдөн өрт чыкканын кабарлаган. Калаанын Матисакова көчөсүндөгү өрттү өчүрүүгө жалпы сегиз бөлүм тартылган.

Дагы караңыз

Reuters Индия Орусиядан мунай импортун эки эсе кыскартып жатканын жаздыГрузияда мурдагы өкмөт башчынын жана чалгын кызматынын башчысынын үйүндө тинтүү жүрдүЗеленскийдин Трамп менен жолугушуусунда "Томагавк" боюнча чечим болгон жокХАМАС Израилге барымтада каза болгон дагы бир кишинин сөөгүн өткөрүп берди