Бишкектеги тыгын: Жол көйгөйүн поезд чечеби?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте таң аткандан түнгө чейин жолдо автунаа толтура. Шаардыктар убактысынын көбүн жолдо өткөрүп, айрым учурда сааттап бир орундан жыла албай калат. Шаар бийлиги айрым жолдорду кеңейтип, инфратүзүмдөрдү жакшыртуунун аракетин көрүүдө. Бирок шаар куруучулар менен урбанисттер маселе жолду кеңейтүү менен чечилбестигин белгилейт. “Данисте” бул жолу баш калаадагы жол тыгындын себептерине кайрылат.