Евробиримдиктин 26 мүчөсү Орусияга каршы трибуналга катышууга даяр экенин билдирди

Кая Каллас

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча мекемесинин жетекчиси Кая Каллас шаркетке мүчө 26 мамлекет Украинадагы согушка байланыштуу атайын трибунал түзүүгө катышууга даяр экенин билдирди.

"Бүгүн 26 мүчө-өлкө бул трибуналдын катышуучусу болуу милдетин өзүнө алды", - деди Каллас. Анын айтымында, Брюссел Нидерланд баштаган мүчөлөрдөн чыгымдардын тизмесин күтүп жатканын, андан кийин долбоордун үстүндө иштөө уланарын билдирди. Трибунал түзүүнү 2022-жылы Урсула фон дер Ляйен сунуштаган. Түзүмдү Орусия ошол жылы чыгып кеткен Европа Кеңешинин алкагында ачуу пландалууда.

Кремль мындай трибуналдын мыйзамдуулугун тааныбай турганын билдирген. Москва бул түзүмгө кошулган өлкөлөр "бир тараптуу жана конструктивдүү эмес турумду ээлей" турганын айткан.

Дагы караңыз

Трамп Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айттыУТРК: Тиллебаев кызматтан алынып, ордуна Сатиев келдиБУУ: Түрк Кыргызстанды өлүм жазасын кайтаруу аракетин токтотууга чакырды