Асман шаарынын экономикасы менен экологиясы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде түн ортосунда чыккан өрттөн бир үй-бүлөдөн алты киши, анын ичинде беш бала каза болду. Президент өлкөдө өрттү алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Украинанын Киев баш болгон аймактары кайрадан орус армиясынын жапырт соккуларына туш болуп, алты адам мерт болду. Ал арада АКШ жана Орусия президенттеринин саммити өтүшү белгисиз болуп калды. "Асман" шаарын куруу боюнча кытайлык компания менен меморандум түзүлдү. Шаар куруу демилгесинин башталганына төрт жылдан ашса да азырынча курулуш иштери баштала элек.