HRW: Еврошаркет Ташкенттен адам укуктарын жакшыртууну талап кылууга тийиш

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана анын кызы Саида Мирзиёева Самарканддагы жолугушууда, 4-апрель, 2025-жыл

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Брюсселге пландалган сапары алдында Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоочу уюм билдирүү жасады.

“Еврошаркет менен Өзбекстан ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу макулдашуунун негизги элементи катары демократиялык принциптерди, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоо көрсөтүлгөн тапта Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы сүйлөшүүлөр башталган алты жылдан бери бир топ чөйрөдө начарлады”, - деп белгиледи уюм.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Искра Кированын айтымында, Брюссел адам укуктарынын абалын оңдоо багытында конкреттүү кадамдарды жасоону талап кылбай, оң жылыштардын мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.

HRW шаркетти Өзбекстандан жаңы келишимдин алкагындагы милдеттенмелерди аткарууну талап кылууга жана маанилүү маселелерди козгоого даяр болууга үндөдү.

Укук коргоочулар коңшу өлкөнүн бийлиги активисттерди, блогерлерди “интернетте президентке акаарат келтирген” деп жүйөсүз кылмыш ишин ачуу өңдүү жолдор менен куугунтуктап жатат деп эсептейт.

Расмий Ташкент эл аралык уюмдун бул билдирүүсүнө реакция кыла элек.

Freedom House уюму Өзбекстанды “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошот. Өлкөдө таасирдүү оппозиция жок. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча быйылкы рейтингинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 148-орунда турат.

Мирзиеевдин Брюссел сапары 24-октябрга белгиленген.

Дагы караңыз

Орусия Украинага сокку урду, өлгөндөрдүн арасында балдар бар"Балдар атасын күтүп жаткан". Ошто бир үйдөн алты адам күйүп кеттиМактоодон жерүүгө чейин: Борбор Азияда "улут аталары" кантип унутулат?