Президент Садыр Жапаров 23-октябрда быйыл биринчи ирет эл аралык деңгээлде белгиленип жаткан Ак илбис күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Анда бир жыл мурда Кыргызстан бул күндү белгилөө сунушун берип, дүйнө эли бир добуштан колдоого алганы белгиленди.
Жапаров Кыргызстан менен ак илбирсти бөлүп кароого мүмкүн эместигин, "бул жаныбар ак кар баскан тоолорубуздун жаны, көк мелжиген чокуларыбыздын сакчысы, эзелтен туу тутуп келаткан эркиндигибиз менен чыдамкайлыгыбыздын жандуу символу" экенин айтты.
“Биздин БУУга сунуш киргизүүбүз мыйзам ченемдүү кадам эле. Анткени дүйнө жоголуу алдында турган сейрек жаныбар тууралуу гана эмес, ошол жаратылыштын бир бөлүгү болгон эл тууралуу да билүүгө тийиш болчу. Ак илбирсти коргоо бул ошол бир бөлүгүбүздү сактоо дегенди билдирет. Ал жашаган чөйрөнү сактоо - планета калкынын үчтөн бирин суу менен камсыз кылган булактарды коргоо деген сөз! Бүгүнкү күн ак илбирстин көркөмдүгүнө суктануу үчүн эле себеп эмес. Бул күн – адамзатты абийирге жана жоопкерчиликке глобалдык чакырык. Бардык өлкөлөр менен дүйнө элине бул уникалдуу жаныбарды жана анын аяр экосистемасын коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө болгон кайрылуу болуп саналат”, - деп жазылган президенттин кайрылуусунда.
Кыргызстан бул күндүн демилгечиси катары 23-октябрда ак илбирстин урматына символикалуу түрдө 23 мүнөт убакытты жөө басууга, көнүгүүгө жана сейилдөөгө арнай турганы кошумчаланды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (TAb)