Жаңы-Достук айылы: "Ушул жерде түбөлүк жашайбыз"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арасын тактоонун жүрүшүндө алмашылган Достук айылынын тургундарын жаңыдан түптөлгөн Жаңы-Достук айылына көчүрүү башталды. Бул алмашуунун алкагында 257 үй көчүрүлмөй болгон. 1-ноябрга чейин Достуктун тургундары жаңы түптөлгөн конушка толук көчүрүлүп бүтөт. Учурда атайын техникалар жана жумушчу күч тартылып, буюм-тайымдары жеткирилүүдө.