Брюссел эки банкка cанкция салды, Бишкек текшерүүнү сунуш кылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы эки банкын жана Кыргызстанда уюшулду делген криптобиржаны санкциялык тизмеге киргизди. Бул арада кыргыз бийлиги виртуалдык активдерди жана блокчейндерди өнүктүрүү аракеттерин күчөттү. Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө. Бул аптада кызматтан алынып, коммунисттик партиянын катарынан чыгарылган тогуз генерал паракорлукка шектелип кармалды. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кышында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин эскертти. Ушул тапта өлкөдө жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатат.