Жаңылыктар | 25.10.2025 | Бишкек милициясы блогер, контентмейкерлерге мыйзам бузбоо тууралуу эскертти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы блогерлерге, контентмейкер, видеомейкерлерге жана социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына мыйзамды сактоо тууралуу эскертти. Анда соңку кездери коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан, укугуна шек келтирген түз эфирлер, пранктар көбөйгөнү белгиленген.