Камактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык кармоону токтотту

Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 6-декабрь, 2024-жыл.

№1 тергөө абагында отурган Ташов ачкачылык кармоону 23-октябрда токтотту. Бул тууралуу анын жактоочусу Асел Аргымбаева "Азаттыкка" билдирди. Ишкер 29-сентябрдан бери тамак ичпей жаткан.

Маалыматка караганда абак жетекчилиги Ташов менен сүйлөшкөн.

Анда ишкер жабык жайда кармалып тургандарга мамилени жакшыртууну, жууркан-төшөк, шейшептерди алмаштыруу керектигин айткан. Тергөө абагынын жетекчилиги талапты аткарып, кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада берген.

Бирок Ташовдун чачты адамдын эркине каршы кыруу жана жабык жайда бир гана кара түстөгү атайын кийимди кийүүгө мажбурлоо боюнча суроосу соттун чечими чыкканга чейин ачык бойдон калды. Жактоочу бул боюнча тиешелүү органдардын текшерүүсүнөн кийин арыз берүүнү пландап жатканын кошумчалады. Жазаларды аткаруу кызматы Имамидин Ташовдун дооматтарын негизсиз деп атаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко доо арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Иш ушу тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (KS)

Дагы караңыз

Бишкекте муниципалдык аянттарды ээлеген гараждар бузула баштадыИрландиянын президенти болуп солчул көз караштагы аял шайландыКремлдин чабарманы Украина, АКШ жана Орусия согушту токтотуу үчүн мунасага жакындап калганын айтты