Кыргызстандагы автомектептерди текшерүүдөн кийин 1328 мыйзам бузуу аныкталды

Кыргызстандагы автомектептердин бирин текшерүү учуру.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 13-октябрдан 19-октябрга чейин Кыргызстандагы автомектептер текшерилип, мекемелердин айдоочулукка үйрөтүүчү машинелеринин талаптарга жооп берери каралган.

Жыйынтыгында кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуу, техникалык абалы талаптарга жооп бербеген автоунааларды эксплуатациялоо, автоунааны техникалык кароодон убагында өткөрбөө, камсыздандыруу полиси жок пайдалануу өңдүү 1328 эреже бузуу аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү протоколдор толтурулуп, авто мектептердин жетекчилерине жана инструкторлоруна жол коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары 13-октябрдан бери өлкө аймагындагы автомектептердин жоопкерчилигин күчөтүү, жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында "Үйрөтүүчү транспорт каражаты" деп аталган рейд өтүп жатат.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоочу 340 окуу мекемеси бар. Анын 30% мамлекеттик, калганы менчик.(KS)

Дагы караңыз

Орусиянын Киевге соккусунан үч киши каза болдуБишкекте муниципалдык аянттарды ээлеген гараждар бузула баштадыКамактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык кармоону токтотту