Президент Жапаров С5+1 саммитине катышуу үчүн АКШга барат

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине барат.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирип, президенттин администрациясы Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады.

С5+1 форматындагы саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылган.

2023-жылы Нью-Йоркто АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өткөн.

Акыркы жылдары “Борбор Азия-Кытай”, “Европа Биримдиги–Борбор Азия”, “Борбор Азия–Германия” жана “Борбор Азия-Орусия” сыяктуу бир катар самиттер өттү. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Кыргызстан 2,5 жылда электр энергиясын импорттобой каларын айттыReuters: АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды даярдап жататВашингтондо “АКШ-Борбор Азия” саммити өтөтОрусиянын Киевге соккусунан үч киши каза болуп, 30дан ашыгы жараат алдыБишкекте муниципалдык аянттарды ээлеген гараждар бузула баштадыУКМК Таш-Көмүр шаарынын вице-мэрин кармадыКыргызстанда БУУнун 80 жылдыгы белгиленди