Индияда "Монта" циклону күчөгөнү элди көчүрүү иши ыкчамдады

Индиянын жээги циклон алдында. Иллюстрация

Индияда Одиш жана Андхра-Прадеш штаттарында "Монта" циклону күчөгөнү элди көчүрүү иши ыкчамдатылды. Андан тышкары 50 миң киши лагерлерге жайгаштырылды. Бийлик чукул кызматтардын кошумча күчтөрүн тартып, Бенгал булуңунун жээгиндеги штаттарда мектеп, коллеждерди жабуу буйругун берди.

Өлкөнүн Метеорологиялык башкармалыгы маалымдагандай, циклон Андхра-Прадеш штатына жеткиче катуу шамалга айланмакчы.

Куткаруучулар Андхра-Прадеш штатынын өрөөнүндө жайгашкан айылдардын тургундарын эвакуациялап жатат. Өкмөт циклон өтчү жерде болжол менен дээрлик 4 миллион киши жашарын билдирди.

Одиш штатында балыкчыларга балык улоо үчүн деңизге чыкпай туруу айтылды.

Индиянын чыгыш тарабындагы чөлкөмдөр апрель-декабрь айларында циклондорго көп дуушар болот. 1999-жылдын октябрында Одишдеги табигый кырсык 10 миңдей кишинин өмүрүн алган.

Дагы караңыз

"Соттун медиага чыгарган өкүмү түшүнүксүз болуп калды"Сот Болот Темиров менен "Клоопту" экстремисттик топтордун катарына кошту "Тыңчылык кылган". Стамбулдун мэрине жаңы айып тагылды