БШК Атазов менен Нурбаевди депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-октябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазовду жана Жалолидин Нурбаевди талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Боршайкомдун жумушчу тобу “Түндүк” системасынан №5 көп мандаттуу шайлоо округунан арыз жазган Нурбаевдин мурдагы кылмыш иши кыскартылганы тууралуу маалымат алышкан.

Ага ылайык, 2006-жылы 6-октябрда Бишкек шаардык милициясынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз ССРнин Кылмыш-жаза кодексинин 235-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык козголгон иш кыскартылган. Бул айып мыйзамсыз маңзат даярдоо, колдонуу, сактоо жана ташууга байланыштуу экенин жумушчу топтун өкүлү билдирди. Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткени үчүн жаза каралбаганын, Нурбаев бул иш боюнча реабилитациялык процесстен өтпөгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, 2021-жылы Араван райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (2017-ж. редакциясы) 359-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши да кыскартылган.

№6 шайлоо округунан арыз берген Атазовдун талапкерлигинин четке кагылышына 23-октябрда алынган маалыматка ылайык анын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2024-жылдан бери каттоодо турганы себеп болду. Мындан тышкары ал 2024-жылы 13-марттан 29-ноябрга чейин чет өлкөдө жүргөн. Талапкер болуу үчүн жаран соңку беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашашы керек же бир жылда четте жүргөн убактысы алты айдан ашпашы шарт.

Боршайком ушул эле күндөгү отурумунда №14 шайлоо округунан арыз жазган Болотбек Дүйшөналиевди талапкер кылып каттоодон баш тартты. Буга анын уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2011-жылы тизмеге киргени жана соңку беш жылда чет өлкөдө белгиленген мөөнөттөн көп жүргөнү жүйө келтирилди.

№12 шайлоо округунан арыз берген Гүлсара Каримова "соңку беш жылда диний ишмердик менен алектенгени үчүн" талапкер болуп катталган жок.

Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Свердлов округунан шайланып келген. Ал мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болгон.

Нурбаев Жогорку Кеңешке Араван шайлоо округунан шайланган.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, парламентке шайлоо тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо, бири эркек болушу шарт).

Дагы караңыз

Жапонияда алгачкы ирет аял премьер-министр келери күтүлүүдө Жапониянын өкмөтүн биринчи жолу аял башкаратKloop медиа экстремисттик деп тапкан чечимге каршы арызданарын билдирди Түркияда магнитудасы 6,1 жер титирөө болду