Кооптуу коңгуроо. Эркин журналистиканын эртеңи эмне болот?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Бул долбоорлордун ишмердигине катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды. Ушул тапта эксперттер сот чечимине ылайык Башкы прокуратуранын расмий маалыматын күтүп жатышат. Азырынча кайсы материалдар тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз.