БУУ жана ондогон уюм Бразилияны жүздөн ашуун өмүр кыйылган рейд үчүн айыптады

Рио-де-Жанейро шаары. 2025-жылдын 29-октябры. REUTERS.

Бразилияда полиция маңзат мафиясына каршы жүргүзгөн рейд кеминде 132 адамдын өмүрүн алганын адвокаттар билдирүүдө. Расмий бийлик каза болгондор 119 экенин маалымдады. Рио-де-Жанейро шаарында өткөн бул рейд эң көп адам өлүмү менен коштолгон операция болгону айтылууда.

28-29-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн рейдге 2,5 миңдей күч кызматкери катышты, 118 курал-жарак, анын арасында автоматтар, жардыргыч заттар алынды, 113 киши кармалды, алардын 10у өспүрүмдөр экени маалымдалды.

Өлкөнүн юстиция министри Рикардо Левандовски каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, "президент үчүн да курмандыктар саны ушунчага жеткени күтүлбөгөн окуя болгонун" айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш полициянын рейдинде мынча адам өмүрүнөн айрылганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Бразилия бийлигин адам укуктарын коргоого жана тергөөнү дыкат жүргүзүүгө чакырды.

Кабатырлыгын ондогон эл аралык укук коргоо уюм, анын арасында Amnesty International да билдирди.

Келерки аптада Бразилияда БУУнун климат маселесине арналган ири конференциясын өткөрүү пландалып жаткан. (RK)