Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда өлүм жазасы балдарга жана аялдарга жасалган кылмыштар боюнча маселени чечпейт деп эсептейт. Бул тууралуу ал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушууда айтты.
Акыйкатчы институту жолугушууда өлүм жазасын кайра кайтаруу сунушу, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколунан чыгуу демилгеси талкууланганын билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы өлкөдө аялдарга жана балдарга каршы жасалган кылмыштар жыл сайын 30% көбөйүп жатканын айтты. 2024-жылы Акыйкатчы институтуна түшкөн кайрылуулардын 64,1% сот жана укук коргоо органдарынын ишмердигине байланыштуу болгонун белгиледи.
“Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон эмоционалдуу реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок, өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкердин жазадан качып кутулбасын кепилдеп, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”, - деди акыйкатчы.
БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин, аны менен кошо өлкөнүн эл аралык аброюна да терс таасирин тийгизерин кошумчалашты.
Антье Граве Кыргызстан өлүм жазасын киргизсе эл аралык милдеттенмелеринен алыстай турганын айтып, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт жана Экинчи факультативдик протоколдон чыгуу жолдору жок экенин билдирди. Ал бул келишимдерге кошулган өлкөлөр өлүм жазасына кайра кайтпай турган укуктук чечим кабыл алышканын эскертти.
27-сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин президент Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. 13-октябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
1998-жылы өлкөдө өлүм жазасына мораторий жарыяланган. 2007-жылы Жогорку Кеңеш аны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Ал эми 2021-жылкы Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. (BTo)