"Уулу Украинага согушка кеткенин ата-энеси сөөгү келгенде билген"

Айчүрөк Назаралиева

Москвада "Сахарово" миграциялык борборунда ушу тапта 160 кыргызстандык кармалып турат. Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева жакында аталган мекемеге барып, алардан кабар алган. "Азаттык" аны кепке тартты.

- Айчүрөк айым, сиз жакында барып келген "Сахарово" борборундагы кыргызстандык жарандар ал жерде канча убакыттан бери, кандай себептер менен отурушат экен?

- Биз "Сахарово" борборуна барганда ал жерде биздин 160 жараныбыз кармалып турат деген маалымат алдык, анын 11и аял экен. Кээсинин отурганына бир эле күн болсо, айрымдары бир аптадан бери, үч аял 76 күндөн бери ушул борбордо кармалып турганын айтышты. 11 киши боюнча кылмыш иши бар дешти. Орусияда миграциялык мыйзамдар тез-тез өзгөрүп жатканына байланыштуу аны убагында билип, түшүнүп, шарттарын аткарууга жетишпей калып жаткандар көп экен.

Бул борбордон тышкары биз Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине да барып, мекендештер менен жолугушуу өткөрдүк. Анда келгендер "убактылуу жашоонун каттоосу" деген документти алыш керектигин, бирок аны өз учурунда узартпай калгандыктан кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдиришти.

Маалым болгондой, Орусия сырттан келген мигранттар үчүн "Амина" мобилдик тиркемесин иштеп чыккан. Ал аркылуу да каттоого турууга болот экен. Бирок ал иштебей, техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатканын Орусиянын өкүлдөрү өзүлөрү да билдирип, тиркеме тесттик режимде экенин, ага байланыштуу чыккан маселелерди чечүү аракети көрүлүп келатканын айтышты.

Ошондуктан мигранттар "Сахарового" барып, катталса да болот. Биз сүйлөшкөн мигранттардын айрымдары өзүн каттоодон өткөрүп, документин тууралаганы менен мектеп жашындагы балдарын каттоого тургуза албай калгандыктан "Сахароводо" кармалып турат экен.

Дагы караңыз "Тынч жашап, иштөө мүмкүн болбой калды". Орусиядагы мигранттарга берилген мөөнөт аяктады

- Аталган борбордо 11 кыргыз жараны оор эмес кылмыштарга шектелип кармалып турганын, арасынан үчөө аялдар экенин, алар пара берүүгө айыпталып, 76 күндөн бери борбордо экенин айттыңыз. Ушул жарандардын жагдайына кеңири токтолуп айтып берсеңиз?

- Алар тийиштүү документтери бар же жоктугун укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери текшерип жаткан учурда пара сунуштаган, тагыраагы, миграциялык да эрежелерди бузуп, пара да сунуштап, эки жолу мыйзам бузган деп шектелип жатышыптыр. Биз бул аялдар менен сүйлөшкөнүбүздө иштин жагдайларынан кабары жок экенин айтышты. Мамлекеттик адвокат берилиптир, бирок ал биздин жарандар менен байланышып, чоо-жайын айтып бербептир, процесске аралашкан эмес экен. "Сахарово" борборунун жетекчилери бул үч жарандын ишин Орусиянын Тергөө комитети өзү карап, тергөөнү өзү жүргүзүп жаткандыктан камактагы мөөнөтү дагы узарып кетиши мүмкүн экенин айтышты.

- Кармалган мекендештерибиз медициналык жардамга муктаж экенин билдиришиптир. Кандай жардам сурашты, абалы кандай экен? Аларга жардам берүү мумкүнчүлүгү каралып жатабы?

- Арасында бир аз жашы өтүп калган улуу эже бар экен. Анын кан басымы көтөрүлүп, бирок дары-дармек бериле электигин, дарыгер аларга келе электигин айтышты. Башка жарандарыбыз болсо башы ооруп жатканын билдиришти. Миграциялык борборду, көрсө, бир гана дарыгер тейлейт экен, ага айтылыптыр, бирок жетишпей жаткандыктан убакыт таап келе элек дешти. Борбордо жаткандарга үч маал тамагы берилип, бир саат таза абага чыгууга уруксат берилерин ошол жерде отурган мекендештерибиз айтты. Биз медициналык кызматкерди тездетип келтирип бериңиздер деп орус тараптан сурандык, алар макул болушту. Мен ал жерде отурган мекендештерибизге атайылап кыргызча "уруп-согуу жокпу?" деп, өз тилибизде кайрылып сураганымда жок деп жооп беришти.

Дагы караңыз "Кара тизмеден" чыгууга саналуу күн калды: Орусия мыйзамсыз мигранттарды депортациялайт

- Жалпысынан “Сахарово” борбору аркылуу миңдеген кыргыз жараны өлкөгө кайтарылып жатканын соңку статистикалык маалыматтардан көрүүгө болот. Быйыл жыл башынан бери 3 миңге чукул жаран келиптир. Москвадагы мекендештер кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтып бериштиби?

- Элчиликке барганыбызда студенттер да келишкен. Москва облусундагы Одинцово шаарында билим алып жаткан кыргызстандык улан-кыздар Орусиядагы каттоосу узартылбай жатканына даттанышты. А бирок, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, бул студенттер окуп жаткан жогорку окуу жайдын ректораты Миграция кызматына студенттердин тизмесин берип, алардын каттоосун узартуу керектиги тууралуу өтүнүч келтириши керек экен. Ошондуктан жолугушууга катышкан адам укуктары боюнча өкүл бул түзмө-түз окуу жайдын жетекчилигинин катасы экенин айтып, маселе чечилет деп ишендирди. Ушундай эле жагдай өзбек студенттери арасында да болгон экен.

- Айчүрөк айым, бул жагдай сизге жакшы маалым болсо керек, Борбор Азиядан Орусияга эмгек миграциясына баргандарды Украинадагы урушка тартып жатышканы соңку жылдары абдан талкууланып келет. Ушул тууралуу маалымат ала алдыңызбы?

- Орусиядагы кесиптештерибиз мигранттарды мажбурлоо, аларды күчтөп согушка баруу келишимине кол койдуруу боло электигин айтышты. Биздин оюбузча, кош жарандыгы барлардын, же болбосо, Орусиянын жарандыгын алууга кызыкдар адамдардын арасында мындай көрүнүш болушу мүмкүн. Биз азыр иштеп жаткан мисалды айтсам - Орусияда жүрүп, орус армиясы менен келишим түзүп алып Украинадагы согушка кеткен жигиттин окуясы. Бул тууралуу анын Кыргызстандагы ата-энесинин, бир туугандарынын кабары болгон эмес. Согушта каза таап, июль айында сөөгү келген. Жакындары ал бала согушка катышканын мына ошондо билишкен. Алар кенемтесин кантип алсак болот деп бизге, Кыргызстандын акыйкатчысына кайрылган. Биз бул маселе боюнча Орусиядагы кесиптештер менен иштешип жатабыз.

Дагы караңыз Орусия: Мигранттарды кооптондурган "Амина" тиркемеси

- Мигранттарга укуктук жактан жардам берүү боюнча кандай иштер жүрүп жатат? Сиз элчилик, укук коргоо органдарынын ал жактагы өкүлчүлүктөрү менен сүйлөшө алдыңызбы?

- Элчиликте башкы консул Бакыт Асаналиевге мигранттар түз кайрыла алышат. Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү Москвада да бар, алар аптасына эки жолу "Сахарового" барып, эмгек мигранттарыбыздын көйгөйүн угуп, ошол жерде чечиле турган маселелерин дароо чечип, калганы боюнча кеңсесинде иштешет экен. Ал эми биз, Кыргызстандын Акыйкатчы институту Орусия тараптагы адам укуктары жаатындагы адистер менен тыгыз байланышыбыз бар. Жарандык жана саясий укуктарды коргоо бөлүмүбүз да бар Москвада. Алар, мисалы, Орусияга кетип, алимент төлөбөй жүргөн, согушка тартылган жарандар боюнча иш алып барышат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Сахароводо" 160 кыргызстандык отурат, арасында 11 аял бар