Израилдин учактары менен танктары Газанын чыгышына чабуул койду

Газа тилкесине урулган соккудан кийин. 29-октябрь, 2025-жыл

Израилдин согуш учактары менен танктары бейшембиде Газанын чыгыш тарабына чабуул койгонун Рейтер агенттиги жергиликтүү тургундарга таянып кабарлады. Күбөлөрдүн айтымында, Хан Юнис лагеринин айланасына 10 чакты сокку урулду, танктар Газа шаарынын түндүк ыптасын аткылады.

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ оккупациялаган жерлерде “аскерлерге коркунуч жараткан террорчулардын инфраструктурасына таамай” сокку урганын билдирди.

Газалыктардын айтымында, Израилдин көзөмөлүнөн тышкаркы жерлерге чабуул коюлганы байкалган жок.

Израилдик жоокердин өлүмү үчүн өч алуу операциясында шейшемби-шаршемби күндөрү тилке аткыланганда 104 киши, арасында 46 бала менен 20 аял өлгөнүн анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси маалымдады.

Израил бийлиги аскер ЦАХАЛ чегинген "сары сызыкта" набыт болгонун айтып, ал үчүн куралчан согушкерлерди айыптады. ХАМАС (АКШ жан Еврошаркетте террордук деп жарыяланган) радикал тобу дооматты четке кагууда.

10-октябрда Израил менен ХАМАС арачылардын жардамы менен ок атышпоо тууралуу макулдашкан. Бирок ошондон бери бири-бирин анын шарттарын бузганы үчүн күнөөлөп, тилкеге бир нече жолу сокку урулганы кабарланган.

Дагы караңыз

Президент энергетика тармагынын карызы 25 млрд сомго чейин азайганын айтты"Тезек жайбай калдык". Тажик айылдарын өзгөрткөн биогазТрамп менен Цзинпин тарифтерди азайтууну, Украина боюнча "чогуу иштешүүнү" макулдашты