Бишкек: Мектепте тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 75ке жетти

Бишкектеги тез жардам кызматынын автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Сейтек STEM менчик мектебинде тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 3-ноябрга карата 75ке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тактагандай, мунун 68и жаш бала, жетөө чоңдор.

Эки-үч күндүн ичинде алардын 13ү ооруканага жаткырылып, бешөөнүн абалы жакшырган соң чыгарылган. Калгандары 3-ноябрь күнү бейтапканадан чыгарылары айтылды.

Аталган мектептеги окуучулар жана кызматкерлер тамакка ууланганы 31-октябрдын кечинде белгилүү болгон. Алар күндүз мектеп ашканасында шаурма жегенин айтышкан. Көпчүлүгү үйлөрүнөн дарылоого жиберилген.

Окуя боюнча санитардык-эпидемиологиялык териштирүү уланууда.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда адамдар жапырт ууланган учурлар болгон. (ErN)