Орусияда кароосуз калган өзбекстандык 35 бала мекенине кайтарылды

Өзбекстанга кайтарылган балдар. Dunyo агенттигинин сайтынан алынган сүрөт. 3-ноябрь 2025-жыл

Орусияда кароосуз калган өзбекстандык 35 бала мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Dunyo агенттиги кабарлады. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жеткчинчектер эмне себептен каралбай калганын ачыкка чыгарган жок. Адатта андай балдардын ата-энелери Орусиядан депортацияланган, ал жакта камалган же каза тапкан эмгек мигранттары болот. Арасында оор абалдан улам энелери төрөт үйүндө калтырып кеткен ымыркайлар да жолугат.

Маалыматка ылайык, наристелер Өзбекстанга Санкт-Петербург, Челябинск, Москва, Екатеринбург, Волгоград, Уфа, Нижний Новгород, Хакасия, Москва облусу, Махачкала жана Новосибирск шаарынан кайтарылды.

Агенттик бул иш «жашы жетелек балдардын кызыкчылыктарын коргоо» үчүн жасалып жатканын белгилейт.

Орусиянын бийлиги акыркы мезгилде Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы өнөктүк жүргүзүп келет.

14-октябрда Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин өлкө аймагынан 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш деп билдирген. Алардын үчтөн бири аялдар менен балдар. Ал эми Орусиянын миграциялык саясатын тескеген жаңы концепциясында мигранттардын үй-бүлөлөрүнө чектөөлөр киргизилген. Алсак, балдарды мектептерге албай койгон учурлар көп жолугуп калды. Миңдеген эмгек мигранты өлкөдөн чыгарылып, көбүнүн Орусияда балдары калган.

Дагы караңыз

Сейтек STEM мектебинде 80 бала тамакка ууланды Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди? Ооганстандагы зилзала кеминде 20 кишинин өмүрүн алды