Бишкекте бир нече жолу ок чыгарып, кошунасын коркуткан жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында асманга ок чыгарып, кошунасын "атып салам" деп коркуткан жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу 4-ноябрда Бишкектин Ленин райондук милициясы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, окуя 30-октябрда болгон. Ок чыгарган адам 51 жашта. Ага карата Э.Б. аттуу жаран арыз жазып, кошунасы эч себепсиз агрессия көрсөтүп, бир нече жолу ок чыгарганын билдирген.

Факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен иш козголду. Окуя болгон жерден белгисиз үлгүдөгү аңчылык куралы огу менен алынды.

Бир күн мурда Бишкек милициясы асманга ок чыгарган 21 жаштагы М.Н.К. атуу жаран кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, ал машина айдап баратып белгисиз үлгүдөгү курал колдонгон.

Милиция эки учур боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. (КЕ)

Дагы караңыз

Сот экстремисттик деп тапкан “Клооптун” операторлорунун ишин Бишкек шаардык соту карай баштадыМусулман өлкөлөрүнүн башкы дипломаттары Газаны калыбына келтирүүнү талкуулашатАшууларга кар жаагандан улам Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилдиКыргызстан паспорт жана ID-карталарды толук өзү жасай баштайт