Казакстандын жээгинде 112 түлөндүн өлүгү табылды

Иллюстрация

Казакстандын Түпкараган районундагы жээкте 112 түлөн кырылганын өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жаныбарлардын өлүгү Каспийдин жээгинде Асан айылынан Баутино тумшугуна чейинки жерде табылды. Анын себеби азырынча белгисиз, адистер анализдерди текшерип жатат.

Гидробиология жана экология институтунун кызматкерлери түлөндөр кырылганына бир айдан ашты, бирок суу өлүктөрдү азыр гана жээкке алып келди деп эсептешет. Версиялардын бири катары жаныбарлардын иммунитетинин алсырашы аталууда.

Каспийдин жээгинде буга чейин да Кызыл китепке киргизилген түлөндөрдүн кырылганы белгилүү болгон.

Былтыр Казакстанда 16-октябрдан 1-декабрга чейин 1968 жаныбардын өлүгү табылган. Буга жаңы вирус инфекциясы себеп болгонун Алматыдагы Вирусология жана микробиология боюнча илимий борбордун лабораториясынан билдиришкен.

Ошол эле жылдын апрелинде 27 түлөндүн, ал эми 2022-жылы 172 түлөндүн кырылганы кабарланган. Анда булганган табияттан жаныбарлардын иммунитети төмөндөп, пневмонияга туруштук бере албай калганы жүйө келтирилген.

Адистердин эсебинде, жүз жыл мурда Каспийде 1 миллион түлөн болсо, азыр алардын саны 100 миңдин гана тегерегинде. Түлөндөрдүн саны 1980-жылдарга салыштырганда төрт эсе азайган.

Орусия Украинага басып киргенден бери Каспийдин акваториясында орус армиясы ракета учуруп, машыгуу полигонуна айланып калган. Казакстандын Гидробиология жана экология институту түлөндөргө байланышкан абалга 2022-жылдан бери байкоо жүргүзүп келатат. Ага чейин жандыктардын күз айларында жапырт кырылышы катталган эмес.

Дагы караңыз

Отунбаева: Ооган аялдарынын абалы оор, элине жардам бериш керекЭнергетика: "Чексиз тариф" токтойт, эми жарык өчпөйбү? Дрон учурууга уруксат керек. Коопсуздук жана журналисттердин жүйөсү