Баяндамада орус тилдүү эки жумалыктагы айрым макалалар жөнүндө сөз болот.
Азыркы күндө Кыргызстанда минималдык керектөө корзинасы үй-жайсыз селсаяктардын же бомждардын керектөөсүнө жакындап калды деп жазган ”МК Кыргызстан” гезити ушу тапта кары-картаңдар сатып жей албай калган тамак-аш азык- түлүктөрүнө - колбасанын бардык түрү, андан тышкары май, эт, балык, каймак, айран кирерин белгилеген. Бишкек шаар тургуну, 64 жаштагы Ольга Абрамова деген байбиче колбаса алып жей албай калганына 5 жыл болгонун, эми өмүрүнүн аягына чейин да колбаса сатып жей албастыгын, анткени сатып жегенге кыргыз өкмөтү берген пенисиясы жетпестигин, колбасынын сүрөтүн көчөдөгү жарнамалардан гана көрүп каниет кыларын айтып берген. Пенсионер Абрамованын 1400 сом пенсиясы нан менен чайдан ашпайт. Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоо бирикмесинин төрайымы Зинаида Зажигаеванын айтымында кары-картаңдар күн санап кымбаттап туруучу азык-түлүктөр менен дары-дармектерден аргасы жоктугунан баш тартышууда. “Маселен Орусиянын Маскөө шаарында карылар үчүн атайын дүкөндөр ачылган. Биз, Кыргызстанда, ушундай дүкөндөрдү ачып берсеңер деп Бишкек мэриясы менен өкмөт үйүнө канча ирет кайрылдык, бирок карап да коюшкан жок” дейт ал. Гезит андан ары орус өкмөтү кары-картаңдары үчүн кандай камкордук көрөрүн мисалга тартат. Арзан азык-түлүктөрү бар дүкөндөрүнөн сырткары, кийим-кеченин бардык түрлөрү, кеңсе товарлары, шейшептер, дары-дармектер, коммуналдык төлөмдөр менен транспорттук чыгымдарга жеңилдик берилгенин белгилеп, пенсиядагылар үчүн Германияда – 475, АКШда – 300, Англияда – 350 ар кандай наамдагы товарлар арзан сатыларын мисалга келтирет.
Ушул эле “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “Политбюро” деген рубрика алдында макалалар топтомун жарыялады. Ошол макаланын биринде белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев: “Ысык-Көл дубанында өтө турган элдик курултай үзгүлтүккө учураганы менен өз максатына жетти, анткени азыркы бийлик өзүнүн эмнеге жөндөмдүү экенин элдин көзүнө көрсөттү” деп айтканын жазат. “Көлдөгү көрүнүш баягыдай эле классикалык мүнөздө болду. Адегенде алагүү болгон жаштар агытылып, таштар ыргып, аягында оппозиядагыларга мыйзамды бузбаш керектиги жөнүндө прокурор тарабынан эскертүү берилди, демек өлкөнү башкаргандардын өз элине ишенбегенин, так ушул мисалдын өзү эле эң сонун далилдеп турат” деп баяндайт аталган басылма.
“Дело №...” гезити “Боевики возвращаются” деген макала жарыялап, Өзбекстандын Ханабадындагы кандуу окуя 16 адамдын өмүрүн алып кетсе да өзбек маалымат каражаттары эч нерсе болбогонсуп ооз ачпай, чөнтөк телефондордон бери өчүрүп, президент Ислам Каримов эчтеке болбогонсуп Бразилияга учуп кеткенин кеп кылды. Аталган жумалык андан ары бул окуяга байланыштуу 3 версияга окурман көңүлүн буруп, биринчи версиясын Өзбекстандын атайын жасаган иши деп баалап, өзбек-кыргыз мамилеси жөнүндө сөз кылган. Апрелдин аягында Арал деңизин сактоо боюнча Борбор Азия мамлекет башчылары чогулган Алма-Ата саммити өткөнүн, анда суу башындагылар менен суу аягындагылардын ортосунда талаш-тартыш жүргөнүн, ошондо өзбек тарап Кыргызстандын ГЭС курушуна ачык эле кршы болгонун, ошондон көп өтпөй эле өзбек күч органдары ага чейин эч качан эстебеген Чек айылын баса калганын баяндаган. Гезит андан ары үчүнчү версияны алдыга тартып, “исламисттер келатат” деп эсептейт. Мадрид университетинин ислам боюнча изилдөөчүсү Кадыр Маликов 2009-2010 –жылдары “Талибандардын” радикалдуу бөлүгү болгон Түркстан ислам кыймылы Борбор Азияга жүрүш жасайт деп божомол кылганын далилге тартат. Маликовдун оюнча, кыргыз күч органдары эл аралык уюмдардан алган акчалар менен экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп атабыз демиш болуп, өз өлкөсүндө репрессиялык аппаратты күчтөндүрүп жатат. Буга Ноокаттагы окуя күбө.