Акча бузган аял

Акча табуунун азгырыгына кабылган келин үй-бүлөсүн таштап башканын этегин кармап кеткен. Аял өзү каалагандай күн кечирип жүргөн учурлардын биринде оор кырсыкка кабылып, жарымжан болуп калат.

Кысталыш чакта ага үй-бүлөсү арка-бел болот. Ырысбай Абдраимовдун "Кыздын санаты" аңгемесинде сүрөттөлгөн акчалуу турмуштун арткы бетинде кандай шойкондор болору баяндалат.

Пул

Заман оошуп, турмуш оорлогону жаркылдаган жарашыктуу мугалим келин көнүмүш ишин таштап кесибин өзгөртүүнү чечкен.

Тирилиги оорлошуп кетти, буга чейин алардай эле жашап жаткан жанындагылардын бир тобу турмушун оңдоп, жаңы үй салып, машине минип калышканын көргөндө жалаң күйөөсүнүн тапканын карап отурууну туура көрбөй соодагерликке өткөн.

Ал кезде элдин баары "челнок бизнес" менен ооруп калышпады беле. Кытайдын чаар ала баштыктарын сүйрөп жаңы соодагерлер кайсы гана жакка барышпады, Иран, Түркия, Польша, деги койчу мурда географиядан гана атын уккан жерлерге катташты.

Анан Кытайдын жалтыр-жултур базары ачылды. Бул кезде товарлар баштыктар менен эмес машинелер сылай жүктөлүп ташыла баштаган. Мурдагыдай оор баштыктарды сүйрөш калып, жеринен заказ берип, мурдагыдай стадиондун кенен талаасында кышында суукка тоңуп, саратанда ысыкка күйүп жайма базарда кийим, буюм сатмай жоголуп, аяк-башына бир күндө кыдырып чыгууга мүмкүн эмес ири базарларда товарды контейнерге жыйып сатмай күчөгөн.

Дагы караңыз "Шишек деген кызбы?" Ачууга тийген аспирант



Жылдыздын апасы Ибадат базар жаңыдан жандана баштаган кезде ишин баштаган. Ошол кезде олчойгон акча кармап күйөөсүнүн таап келген пулун жерге ыргыткан.

"- Ии кашайгыр, ушул да айлыкпы? - дедиң да, санап көрүп, аны кайра атамдын өзүнө ыргыттың. - Ме, өзүңө кут болсун! Буга окшогон пулга күнүм түшө элек. Кампачы тааныштарым, чотум эсен турганда, момундайдан миллиард табам. - Баштыгыңды көңтөрүп ийдиң. Андан төгүлгөн акча жер жайнап, додо болуп үйүлдү. - Мына, каалашыңча ал, иштет!

Атам башын чайкады да:

- Мамлекеттин дүйнөсүн чачып ойнобойт, Ибадат!

- Менде деле акыл бар, өкмөттүкүн өзүмдүк кылгыдай, эстен тая элекмин.

- Мүйүздүү болом деп кулагыңан ажыраба!

- Хе, дөдөйдү тапкан экенсиң. Алдабасаң да, сатуучуга ишенишпейт. Чайкоочу дешет... Андан көрө кардардын оң көзүн оюп, сол көзүнө салып турган оң! Эмне, элди жалгыз эле мен талап-тоноп атыптырмынбы? Бу чөлкөмдө тараза кармаган бир мен баштанып, мага акыл үйрөтөсүң.

- Сени жамандыкка кыйган эч ким жок. Этият жүрүшүңдү эскерткеним, - деди атам.

- Мага базардагы кажы-кужу деле жетишет. Көп эле эс боло бербечи!

Айтылган акыл сага жукпай турганын болжодубу, атам тим болду. Сен өзүңчө сүйлөндүң:

- Каадаланып, насаат айтат. Кыйратып, эл кийгенди кийип, ичкенди ичип, пулга марытып койгонуңдан кабыргамды карч уруп жүрөм, бирим эки, эким төрт болсун деп. Аял башым менен сени кошуп, бала-чаканы багып жаткандан кийин арам-адалды териштирип эмне кыласың! Тапканымды майда чайнап, ширесин татып жүрө бер!"

Дагы караңыз "Жазуучулар атак-даңкты сүйөт жана эгоист болушат"



Бул аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы катуу кайым айтышуу болчу. Акчаны бапыратып таап келип жаткан аялы алдында күйөөсү койдон жоош, момун болушу керек эле. Машине айдоочунун ай сайын таап келчү айлыгы базардын кыныгын алган аялын ыраазы кылбай, жарыбаган акчага ушунча убакты-саатын коротуп жүргөн күйөөсүнө нааразылыгын жашырбай калган.

Бирөөлөрдү алдап, арзан алып кымбат сатуунун кыныгын алган соодагер азайышы мүмкүн, көбөйүшү күмөндүү айлыкка алымсынбай калган. Ушуга да киши иштейби деп мурдун чүйрүп, жактырбасын ачык билдире баштаган. Акчасы көп аялынын алдында үжүрөгөн эркек эки баласынын тагдырын ойлоп, аялынын кераяктыгын деле кечирип, баарына кулакты жапырып, эптеп эле үйдү ыдыратпоонун амал-аргасын издей баштаган. Катуураак жаңжал чыкса акчага дөөгүрсүгөн аялы эки баласын таштап кетип калышы толук мүмкүн болчу.

Ошондой күндөрдүн биринде аялы күйөөсүнө машинесин таштап мага жардамчы болуп алсаңчы, деп калды. Жакшынакай жардамчысы бар, анысын мактап-жактап жүрчү эле Көлгө барып келгенден кийин жаман көрүп калыптыр. Айтымда, аялы акелеп-жакелеп Көлдөн машинелерге жүктөп жөнөтүп ийген карагайларын өзү келгенче тигиниси арзан баага сатып ийиптир. Нааразылык ушундан чыгыптыр, аялы карагайларды чоңдорунун чөнтөгүн майлап, жүктөгөндөргө куюп берип, машине-машине кылып жүктөп аткан карагайларын канчага сатып, кандай пайда көрүшүн күн мурунтан эсептеп келсе, шуулдаган жардамчысы кымбатка келген буюмду арзан пулдап жибергенин укканда күйбөгөн жери күл болду. Аны уккан күйөөсү жыгачтар арзан кеткенине сүйүнүп, "үй кургандарга пайдасы тийиптир" деп өзүнчө эле ыраазы. Аны менен тим болбой дайым "арам акча алдастатат" дейт.

Базар

Соодагер зайыбы машине айдагандан көрө мени менен базарга чогуу чыгып, соода кылалы деди. "Соода деген – түгөнгүс кен, казган сайын чуурулуп чыга берет. Ичкен-жегениң бекер. Бир ооз сөзүм. Оозумдан чыкты дегиче базарком макул болот" дейт. Ага күйөөсү ынабады, базарга баргандын баары адал иштебейт деп айныксыз ишенип алганбы, жакшы ишке көнбөдү.

"- Ибадат, мага ушундай сөзүңдү угузбачы! Ушунчаңда этегинди жап! Арам оокат аш болбойт. Айдын он беши жарык, калганы караңгы. Менин ата-бабам, укум-тукумум маңдай тери менен таза жашап келген. Алдамчылык менен биздин урукка шек келтирбе!

- Суу жүрөк байкуш ай-йе, дегеле адалсынып... Курсагың тоюп калган экен. Эшекти отко айдаса, күлгө оонайт, - дедиң да, өзүңдү жемеге алдың. - Эр түгөнгөнсүп, тандап жүрүп, тазга жолукту кеңкелес башым. Абдыразак асылып жүргөндө аны жаныма жакын жолотпогом. Ал азыр "бир дубанда гүбүрнатыр" - дейт. Мага чала, чала... - деп, чекеңди муштагыладың.

Ошондон кийин эки күндүн биринде үйгө түнөбөй жүрдүң. Көбүнчө ишке шылтоолодуң. Дайыныңды сураган атамды сүйлөтпөй, кагып салдың бир ирет.

- Мен ойноп жүргөнүм жок. - Ачуу чаңырганыңда терезелер шарактай түшкөнсүдү.

- Пул таап жүрөм, пул... Бала-чаканы кем-карчсыз багар эркек атың бар туруп, уучумду толтурбадың".

Дагы караңыз Элеттик кыздын жан сыры



Акчанын кызыгына арбалган аял күйөөсүнө: "менин кайда болгонумду териштирип, суракка алба, жолумду торобо!" деп катуу талап койгон. Эки баласын ойлогон күйөөсү ага да макул эле. Аялы Бишкек менен Оштун базарларын гана кыдырбай, Кытай, Дубай, Түркияга каттаганын уккан күйөөсү акырын башкалардан сурап көрдү. Алардын бирөөсү да аялын айтылган жерлерден көрбөгөнүн, бирок тердеп-кургап мончодон чыгып кызыл машинеге отуруп башка жакка кеткенин айтканда Ибадаттын өңү кызарып, бир аздан соң өзүнө келди окшойт: "Жалган!" деп ордунан атып турду. Таң калып карап калган күйөөсү менен эс тартып калган кызынан уялдыбы, үнүн акырын чыгарып: "Жүгүмдү жеткирип берди. Сыйлап койдум, анын эмнеси күнөө?" деп алакан жайды.

Айтса, жоош-момун күйөөсү такыктагандан кийин Ибадаттын эки жакка себепсиз каттаганы азайды. Ата-энесинин туюк-туюк сүйлөгөн сөздөрүнө түшүнбөй элейген балдарын таң калтырып бир ай өтүп-өтпөй апталап жоголуп кетчү адаты чыкты. Бир күнү анын жумушка такыр чыкпай калганын угуп күйөөсү балдары менен эч кимге айтпай тымызын издеп көрүштү. Эч кандай дарек-дайыны билинбеди. Атасы элейген балдарынын алдында өзүн оңтойсуз сезип, айласы куруп жүргөн күндөрдүн биринде булардын үйүнө таң куланөөк атып калган кезде бейтааныш аял баш бакты. Күйгүлтүк түшүп аткан атасын бейтааныш аял жооткотуп атканын тестиер кызы уккан:

"- Кайрат кыл, иним! Балким али тирүүдүр, көз менен көрмөйүн ишенбе! Биз дагы даана түшүнбөй калдык. - Тиги аял атамды жубатты.

- Балдарымдын ырысына ылайым аман болгой эле. Жылдызым го кол арага жарап калды, садагасы! Эненин орду башка го, Сагынымдын айласын кантем? Кой дегениме көнбөй, Ибадат ушул тарткылыкты көргөнү тызылдап, бир орунга батпай калган тура! Эми чымындай жаны кыйналып, кантип жатат болду экен?

Жүрөгүм капыс шумдуктан кабар алгандай катуу согуп, өпкөм толду. Көзүмө буурчак жаш айланып, каалганы түртө бергенимде, атам:

- Акырын сүйлөңүз, балдар укпасын, эже! - деп шыбырады да, жашыган жүзүн алаканы менен сыйпалады.

Ошол замат атам, иним, мен – үчөөбүз жолго чыктык. Сагын кудуңдап алган. Болгон окуяны уксам да, сыр алдыргым жок. Жетер-жеткенче "өлгөнү калп болгой эле" деп тилеп бараттым. Кыйналып жаткан келбетиң көз алдыма элестегенде атамдан уурдана өксүйм. Анын да санаа тартканы ыраңынан баамдалып турду.

Дарыгердин "чуу көтөрбөгүлө" деген эскертүүсүнө карабай, атам ооруканага кирери менен шаша-буша халат жамынды. Уулуңду колуна көтөрүп, мени жетелеген бойдон сен дарыланып жаткан бөлмөгө жулунуп кирди. Тирүү жатканыңды, бети-башың ак даки менен таңылып, эки бутуң гипстелгенин көргөндө жеңил үшкүрүп, жаным жай алды".

Дагы караңыз Телефондон тапкан сүйүү жалп өчтү



Ооруканада Ибадаттын дагы бир жашырын сыры булайып ачыкка чыгып калды. Күйөөсүн тааныбай: "А-а, Коч-кор-р, келдиңби? Мен... Тирүү калганың кандай жакшы. Баякы кана?" дебеспи. "Баякы" деп издеп жатканы арак экен. Операциядан кийин өзүнө келе элек окшойт, эки сөзүнүн бири Кочкор болуп, "баягысын" издеп жатты. Бир сөздү улам кайталап, машина аласалгандан кийин чоочун адамдар кап-кабы менен ташып кеткенин, канча акча талаада калганын айтып жөөлүгөнүн токтотподу.

Аны уккандар жаш аялдын аман калганына сүйүнбөй, акчасын алдыртып ийгенине нааразы болушун түшүнө албай элейип турушту. Болгону медайым бул шордуу операциядан кийин өзүнө келе албай жатканын, бааш сөөгү сынганын, жапжаш күйөөсү кырсыктан мүрт кеткенин, экөөнү таңкы саат төрттө алып келишкенин айтып шуу үшкүрүп койду. Сибирге жер-жемиш алып баратып жолдо кырсыкка учурашыптыр, жанындагысы ошол жерде мүрт кетип, ичер суусу бар экен Салинин аялы аман калыптыр. Акча деп чакчарылчу соодагердин бети-башы, колу-буту таңылып, тирүүнүн өлүгү болуп жатканына ишенип-ишенбей күйөөсү аны кыйла күн ооруканада карап жатты. Аялынын айыбы андайда анчалык деле мааниге ээ болбой калат экен, эки баласынын бактысына тирүү калса деген тилек баарын жеңип кетти окшойт.

Атасы менен апасынын ортосундагы чиеш, татаал мамилени сезимтал кызы билчү, анысын олуп-чолуп сабак болор деп катында жазды. Бөбөгүнүн апасын эстеп куса болгонун, эшиктен шырт эткен шыбыш чыкса "апам келип калдыбы?" деп элеңдеп отурганын жашырбады. Апасынын аягы суюк чыгып калганы менен бейкүнөө наристенин кандай иши бар, апам качан келет деп күн сайын атасы менен эжесинин тынчын алат. "Каш карайып, ары-бери өткөндөрдүн өңү таанылбай калганча тиктегени жол. Күткөнү – сен. Сенин акыбалыңды билбейт да, ал бөбөгүм. Жашыл кийимчен аялды көрсө, өпкөлөп болбой калат", деп жазды сезимтал кыз.

Дагы караңыз Куурдакка айланган кекчил короз



Тагдырдын тамашасын кара, там-туң басканга жарап калган баласын карабай кеткен апасынын ташбоордугун эстеген киши жок. Аялы тууралуу ар кыл кептерге бышыкулак болгон атасы өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан жарымжан аялы балдарынын багына аман калса экен деп отурат. Атасынын айкөлдүгүнө, апасы тууралуу балдарына жаман сөз айтпаганына, унчукпай тагдыр башка салганды көтөрүп, ортодо эч нерсе болбогондой, бир кезде ынтымактуу жашаган үй-бүлө дагыле ошондой күн кечирип жаткандай токтоо, коймаарек жүргөнүнө жашабай жатып көптү билип калган сезимтал кызы эмдигиче таң.