"Чыгым 27 миллиондон ашык". Маданият министрлигине козголгон иш

Башкы прокуратура Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекетке 27 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп, коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Министрлик каржылык мыйзам бузууну ырастап, тергөөнүн дыкат жүрүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

Бул окуя өлкөдө мамлекеттик мекемелердеги коррупцияга каршы көзөмөл, катаал чаралар күчөгөн учурга туш келди.

Бишкек шаардык прокуратурасы Маданият министрлигине президенттин фондунан бөлүнгөн 300 миллион сомдун кандай сарпталганын текшерип, коррупциялык аракеттер аныкталганын билдирди.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында, 7,6 млн сом акча каражаты министрлик тарабынан максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй, 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынганы, министрликке караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, натыйжада мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгендиги аныкталган", - деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Прокуратуранын билдирүүсүнөн кийин Маданият министрлиги да билдирүү таратып, “Кыргыз Маданият Сервис” ишканасынын жаңы жетекчилиги каражаттарды түгөлдөп чыкканда 13,2 млн. сомдук материалдык баалуулуктардын жана техниканын жетишпестиги аныкталганын билдирген.

Ал эми калган чыгымдар прокуратуранын териштирүүсү менен тактала турганы айтылды.

“Министрлик ачыктыктын, айкындуулуктун жана мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөнүн принциптерин бекем карманарын баса белгилейт жана иликтөө иштерин жүргүзүүдө укук коргоо органдарына толук көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет".

Прокуратуранын маалыматында министрликтин жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгону айтылганы менен алардын аты-жөнү, кызматы ачык көрсөтүлгөн эмес.

Маданият министрлигине коррупция боюнча кылмыш ишинин козголушу өлкөдө бийлик жемкорлукка күрөштү күчөтүп, мыйзамдык талаптарды бекемдеп жаткан маалга туш келди. Улуттук коопсуздук кызматы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, сот кызматкерлерин жана ар кайсы тармакта иштеген мамлекеттик кызматкерлерди кармаган.

Дагы караңыз "Өлкө боюнча текшерүү жүрөт". Шаарларга бөлүнгөн акча максатсыз иштетилгенби?

Жергиликтүү тургундардын нааразылыгы менен Токмок шаарына барып, жыйын маалында шаар мэри Максат Нусувалиевди колго түшүргөн. Ага президенттин фондунан калааны өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 1 миллиард сомду максатсыз пайдаланган деген кине коюлуп, учурда абакта отурат. Ушундай эле чара Кара-Балта шаарынын жетекчилигине да колдонулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку бийлик түзүмүндө коррупциянын деңгээли азайганын, эми башка мекемелерге да талап күчөй турганын эки апта мурда Оштогу сапарында билдирген.

“Коррупциялык элементтерге барган мамлекеттик кызматкерлерге дагы бир жолу айтам. Коррупцияны тыйгыла. Туура, мыйзам кабыл алынгандан кийин кыйла азайды. Бирок дагы эле бар, мите курттар, кан соргучтар, анча-мынча алып коёюн дегендер чыгат. Айрыкча мындан ары мамлекеттик деңгээлдеги коррупция азайтып, бала бакчалар, мектептер, ооруканаларга чейин карайбыз”.

Дагы караңыз "Үч күн ойлонгула". Ташиев Нарындын жетекчилерине талап койду

Коррупцияга каршы күрөш азыркы бийликтин каалоосу менен ишке ашып жатканы менен бул дайыма жүрүп турушу үчүн аны системалаштыруу керек дегендер да бар. Transparency International уюмунун "Коррупцияны кабылдоо индексине" ылайык, соңку беш жылда Кыргызстандын рейтинги төмөндөп жатат. 2020-жылга чейин өргө жылган өлкө 2024-жылга чейин алты упайга артка кеткен.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бийлик коррупцияга каршы күрөштү системалаштырып жатат деп эсептейт.

“Бизге коррупцияга каршы күрөштү жакшыртуу үчүн мыйзам долбоору келди. Ал эл аралык талаптарга да жооп берет. Бул бирөөнү каматуу үчүн эле эмес, бул системалуу жумуштун белгиси. Тилекке каршы, айрым тармактарда мүмкүнчүлүккө жараша айлык-маяналар жетиштүү көтөрүлбөй жатат. Мисалы, мугалимдер, дарыгерлер үчүн маяналар жогору болбосо, коррупция токтобойт, жарандар кайра эле ошого туш боло берет”.

Президент Садыр Жапаров майдын соңунда келтирген маалыматка караганда, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөн. Атайын кызмат андан бери да коррупциялык схемалардын бети ачылып жатканын улам кабарлап турат.