Президенттик шайлоодо өзүн көз карандысыз талапкер катары көрсөткөн Кэтрин Коннолли шайлоочулардын эң көп добушун алган.
Шайлоонун расмий жыйынтыктары чыга элек, бирок алдын ала маалыматтарга ылайык, Коннолли өзүнүн жалгыз атаандашы, оңчулдардын "Фине Гэлден" партиясынан чыккан талапкер Хизер Хэмфристен көп добуш менен озгон.
Коннолли шайлоочулардын 60% добушун, Хэмфрис 30%га жетпеген добуш алган. Калган шайлоочулар талапкерлигин алып салган Жим Гэвиске добуш берген. Өлкөдөгү абалга, миграцияга жана татыктуу талапкердин жоктугуна нааразы оңчул көз караштагы 10% шайлоочу бюллетендерди атайылап жарактан чыгарганы белгилүү болду.
68 жаштагы Конноллини шайлоодо "Шинн Фейн" баштаган жети оппозициялык партиядан турган коалиция колдогон. Эксперттердин айтымында, Конноли Евробиримдиктин куралдануу планын, Украинага берилген аскердик жардамды, АКШ жана НАТОнун аракеттерин, Газадагы согушка байланыштуу Израилди катуу сынга алып келген.
Ирландиянын президенти өкмөттүн саясатына кийлигишпейт. Премьер-министр Михол Мартин Конноллини жеңиши менен куттуктап, аны менен кызматташууга даяр экенин билдирди.