Пакистан: Ооган казактары Астанадан жардам сурады
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ооганстандан Пакистанга качып барып, өздөрүн “казак улутунанбыз" деп атаган 300дөн ашык адам Казакстандын бийлигине кайрылып, аларды тарыхый журтуна алып кетүүнү суранышты. Августтун башында Пакистан өкмөтү өлкөдө мыйзамсыз жүргөн ооган жарандарын депортациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ара жолдо калган этностук казактар Ооганстанда туулуп-өсүп, ооган жарандыгын алышкан. ("Азаттыктын" казак кызматы даярдаган видео баян)