Ош шаарына 3014 жыл
Фестивалдын алкагында театрлаштырылган оюн, сүрөт көргөзмөлөрү, классикалык музыканын концерти, элдик кол өнөрчүлүк жармаңкеси жана спорттук мелдештер уюштурулган.
Ош шаарынын күнүнө карата “Сулайман-Тоо – тынчтык жана ынтымактын символу” деген фестивал өткөрүлдү.
Майрам кечкисин борбордук аянтта концерттик программа менен коштолду.
2000-жылдын октябрь айында Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси белгиленген.
Ош шаарынын күнүндө бир катар социалдык объектилер ачылып, кароосуз калган «Космонавттар» паркы оңдолуп, кайрадан ишке кирди.