"Төрт миң долларды ажатканада өрттөгөн". Соттордун айлыгы менен абийири

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев сот тармагында коррупция тыйылбай жатканын, ири суммадагы пара менен кармалгандары аныкталып, жазага тартылып жатканын айтты.

Бийликтин бир бутагы болгон сот тутумундагы жемкорлук жана бул органдын көз карандысыздыгы камсыздалдыбы?

Оштогу судьянын окуясы

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-августа Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл аймагында эл менен жолуккан учурда соттордун ишине токтолуп, Бишкек шаардык сотунун үч судьясы “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жазадан бошоткон” деген негизде кызматтан кеткенин билдирди. Ошол эле кезде Ташиев окуянын чоо-жайын, судьянын аты-жөнүн тактаган жок.

Мындан тышкары ал жакында эле ири суммадагы жемкорлукка аралашкан Оштогу бир судьянын окуясын айтып берди.

Камчыбек Ташиев

“Ошто бир кылмыш болду. Прокуратуранын кызматкери 4 миң доллар алып, аны бир судьяга берет. Ал судьяны кармайлы деп үйүнө барышса ажатканасына кирип, алган акчасын өрттөйт. Ошол акчанын өрттөлгөн бөлүктөрүн чогултуп, экспертиза өткөрүп туруп жоопко тартып жатабыз. Прокуратуранын кызматкерин кармап, эми судьяны жоопко тартуу боюнча Соттор кеңешине сунуш бердик. Сунуш колдоо тапса ал сотту да камайбыз”, - деди Ташиев.

Соттордун айлыгы көтөрүлөт, абийирчи?

Бир ай мурун Ташиев соттордун айлык акысы 300-400 миң сомго жетерин айтып, аларды таза иштөөгө чакырган. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев 7-августтагы онлайн кеңешмеде айрым судьялар пара менен кармалганын айтып, сот тутумундагы коррупция тыйылбай жатканын сындаган.

Медербек Сатиев

“Адилеттүүлүктүн баасы жок. Адилеттүүлүк сатылбайт. Кыргыз эли адилетсиздикти эч качан көтөрө алган эмес. Эгерде кимдир бирөө бул эскертүүлөрдү көңүлгө албаса, мыйзамды одоно бузуп, өз кызыкчылыгын жогору койсо тийиштүү чаралар көрүлүп, кызматтан кетип тим болбостон, мыйзам алдында жооп берерин унутпасын. Сот тутуму ичинен тазаланууга тийиш", - деди.

Сатиев сот тутумунун техникалык базасы чыңдалып, судьялардын көз карандысыздыгын камсыздоо реформалары жүрүп жатканын билдирген.

Анткен менен укук коргоочулар соттор азыр да эркин боло албай жатканын айтып, реформа сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо менен гана ишке ашарын белгилешет. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова буларга токтолду.

Азиза Абдирасулова

“Өлкөдө төрт бийлик болот. Биринчи бийлик - бул мыйзам чыгаруу. Экинчи күчтүү бийлик – сот бийлиги. Андан кийин көзөмөл кылуучу орган бар. Бул прокуратура. Соттун чечиминин аткарылышын көзөмөлдөйт. Төрт бийлик жана андан тышкы Улуттук коопсуздук комитети бири-биринин ишине кийлигише бергени туура эмес. Соттук реформа деп отуруп аларды торпокко айланытып алдык", - деди укук коргоочу.

Кыргызстандын мыйзамдарында сот бийлигинин эркиндигин камсыздоого багытталган бир катар укуктук нормалар бар. Айрым эл аралык уюмдар, жарандык коом иш жүзүндө саясий негиздеги сот иштерине аткаруу бийлиги кийлигишерин айтып, сындап келишет. Ал эми кыргыз бийлиги сот тутуму өз алдынча чечим чыгарарын, эч кандай кийлигишүү жок экенин кайталап келет.

Июнь айында Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева былтыр институтка кайрылгандардын басымдуу бөлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине нааразы болуп, даттанганын билдирген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Соттордун көз карандысыздыгы менен жоопкерчилиги

Судьялар кеңеши 2024-жылы тогуз судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берип, алардын бешөөнө жаза чегерилген. Бир катар судьялар пара алууга шек саналып кармалган. Айрымдары көп өтпөй соттон акталып чыкканы кабарланган. 2025-жылы да бир нече судья пара алууга шектелип кармалды.