Түркияда Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп орток түрк арибинде жарык көрдү

Түрк мамлекеттер уюмунун Азербайжандын Габала шаарында өткөн саммитинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө лидерлерине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун орток түрк арибинде басылган китебин белек кылды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

TRT Avaz билдиргендей, Эрдоган Түркия бул багытта биринчи кадам таштаганына басым жасап, түрк тилдүү мамлекеттер илим жана технология жаатында татыктуу орун ээлеши үчүн бекем кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.

“Жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк жетишкендиктерден артта калбоо жана биздин маданий байлыгыбызды сактап калуу үчүн түрк тилдерине арналган ири тил моделин иштеп чыгуу боюнча иштерди ыкчамдатуу зарыл”, - деп Эрдоган айтканын Anadolu агенттиги жазды.

Сентябрдын аягында Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повести орток түрк арибинде басылып чыгып, тааныштырылган.

Былтыр 9-11-сентябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк мамлекеттер уюму тарабынан түзүлгөн комиссиянын 3-жыйыны өтүп, анда окумуштуулар 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавитинин долбоорун кабыл алышкан.

Дагы караңыз

Ак-Ордодогу эки адам өлтүрүлгөн окуянын жаңы жагдайы айтылды Физика боюнча Нобел сыйлыгы кванттык механика ачылыштарын жасаган окумуштууларга ыйгарылдыИзраил менен ХАМАС бошотула турган туткундар тизмеси менен алмаштыУкраинада темир жол жана энергетика объектилерине сокку урулду