Алматы: Казак тилдүү мектеп тууралуу айткан активист 15 күнгө камалды

Алматынын Бостандык райондук соту 1-сентябрда жаңы ачыла турган №215 мектепти казак тилдүү кылууну талап кылган активист Дархан Ардакулыны 15 суткага камакка алды.

Ага социалдык тармакка “мектепке баралы” деп жазганы үчүн “тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө мыйзамды бузган” деген айып тагылган.

- "Мектепке баралы" деген сөздөн улам мени [Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин] 488-беренесинин 7-бөлүгү менен митингге чакырды деп айыпташты. Мен эч нерсеге өкүнбөйм, №215 мектеп казакча болушун талап кылам", — деп жазды Ардакулы сот жараянынан кийин Facebook баракчасына.

Соттун өкүмүндө Дархан Ардакулы 19-августта жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилбеген жыйынга чакырып, «мыйзам бузганы» айтылат. Ал TikTok баракчасына "20-августта 215-мектепке баралы" деген пост жазган. Сот отурумунда Ардакулы өзүнө тагылган айыпты четке какты. Ал мындай мазмундагы постту ТикТокто жазганын мойнуна алды, бирок ал эч кимди мыйзамсыз митингге чакырбаганын айтты.

Алматынын жогорку бөлүгүндө жашаган окуучулардын ата-энелеринин айтымында, аларга Бостандык районундагы жаңы окуу жылында ачыла турган мектепте окуу казак тилинде болот деп убада беришкен, бирок кийин жергиликтүү бийлик сабактар казак жана орус тилинде өтүлөрүн билдиришкен.

Фейсбукта тараган видеодо ата-энелер жакынкы райондо бир гана казак тилдүү, үч орус тилдүү мектеп бар экенин, баласын казак класска берүүнү каалагандардын көбү орун таба албай кыйналып жатканын айтышкан.

Айрым ата-энелер эки тилде окутууга каршы эмес.

Шаардык билим берүү башкармалыгы тил боюнча чечим келерки аптада кабыл алынарын билдирди. Алматынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сайран Сайфеденов Tizgin.kz басылмасынын журналисттерине окуучулардын ата-энелеринин кайрылуулары эске алынарын маалымдады.

Азыр Алматыда 215 мектеп бар. Анын 77си казак тилинде, 57си орус тилинде жана үчөө уйгур тилинде сабак берет. Калаада 300 миңден ашык окуучу окуйт.