"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Дамирбек Асылбек уулу 21-августта түрмөдөн чыкты.
24-августта аткаруу бийлигиндеги төрт жогорку кызмат адамынын ыйгарым укуктары токтотулду.
Шайлоого катыша турган партиялар №2 форманын негизинде добуш сатып ала баштаганы айтылууда.
БШК партиялардын каражатына байланыштуу сандарды эки жумадан бери жаңылай элек.
Шайлоочулар 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 667 746 адамга көбөйгөн.
Бул жолку шайлоодо бийликти жандай турган партиялардын дайын-дареги ачык айтылбай келатат.
Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду.
АКШ Бишкекте кармалган өзбекстандык журналисттин эркиндигин чектебөөгө чакырды.
Чүй райондук «Тез жардам» кызматында 17 киши эмгектенет. Карамагында үч унаа болгону менен адистердин жетишпегенине байланыштуу бир эле бригада кызматта.
Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип чыкты. Буга анын социалдык тармактагы пикири себеп болгон.
Башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандык эми атайын макамга ээ болушуна жол ачылды.
Укук коргоочулар кыргыз бийлигин Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди Ташкентке өткөрүп бербөөгө чакырышты.
Эл аралык каттамдар токтоп, чек аралардын жабылышы "Дордой" базарынын соодасына терс таасирин тийгизүүдө.
«Ак Шумкар» партиясы шайлоо алдында түзүлгөн «Жаңы дем» аттуу саясий альянстан чыгып жатат.
“Азаттык” радиосу коронавирустан көз жумган кыргызстандыктарды эскерүүсүн улантат. Бул жолку өпкөсү кагынып каза болгон “Түндүк электро” ишканасынын кызматкери Жайлообай Орозалиев жөнүндө сөз болот. Маркум тирүү болгондо 3-августта 54 жашка чыкмак. Анын артында жубайы, үч кызы жана бир уулу калды.
Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча 5-августка белгиленген соттук отурум келерки жумага жылдырылды.
Сирияда калган кыргызстандык келиндердин жакындары акция өткөрүштү.
Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын саны 1300дөн ашты.
30-июль - Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү. Кыргызстан коронавирустан каза болгон 1 364 жаранын эскерип, өлкөнүн бардык аймактарындагы мамлекеттик туулар түшүрүлүп турат.
COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар дарыланган “кызыл зонада” иштеген дарыгерлер кандай оор кырдаалда эмгектенип жатышканын айтып беришти.
Дагы жүктөңүз