"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Шайлоо системасын өзгөртүүнү көздөгөн кезектеги мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ушу тапта Кыргызстанда редакциялардын 70% финансылык кыйынчылыктарга туш болууда.
Бишкек мэриясы өзгөчө абал режими алынгандан кийин да айрым чектөөлөрдү калтырууну көздөп жатат.
58 жаштагы башкы дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева COVID-19 жугузуп алгандан кийин 2-майда көз жумду.
Жарандык активист Чынарбек Шабданов суракка чакырылган тасма Интернетке чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 илдети жалпысынан 207 медицина кызматкерине жуккан.
Өкмөттүн чечими менен 1-майдан тарта Кыргызстанда ишкердиктин бир катар түрлөрү жанданды.
Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш үчүн 700 млн. сом бөлүнгөн.
Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты.
Парламент 30-апрелде өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн узартуу маселесин карамай болду.
Саламаттык сактоо министрлиги 20-24-апрель күндөрү COVID-19 вирусун жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогору боло турганын билдиришкен. Бирок Бишкектин базарларында элдин саны көп. Карантиндин эрежесин сатуучулар да, кардарлар да сактаганы байкалбайт.
Өзгөчө абал режими киргизилип, кыймылга чектөө коюлганы Кыргызстанда жардамга муктаж адамдардын саны өстү. Жаңы конуштун тургундары бекер таратылган нанды күтсө, бейтаптар инсулин жеткизип жаткан ыктыярчылардын караанын көрсө сүйүнөт
Ун азыктарынын кымбатташы дыйкандарды эгин талааларын эстегенге мажбур кылды.
Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелдин кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Акындын өлүмү анын талантын баалаган эли үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.
Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акындын өлүмү анын жакындары жана күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.
Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринде коронавирус аныкталганы тартип сакчыларын кооптонтуп турган кези.
Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендешибиздин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келди. Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен журтташтарды мекенге жеткирүү иши кандай жүрүп жатканы тууралуу маек курдук.
Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринин коронавирусту жуктуруп алганы жалпы кесиптештерин кооптонтуп жатат. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин көпчүлүгү вирустан коргой турган каражаттар менен камсыздалган эмес. Жумушка дагы автобуска жык толуп барып жатышыптыр.