"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Өткөн жумада Испаниянын парламенти бир жыныстагы түгөйлөргө расмий никеге туруу жана бала багып алууга расмий уруксат берди. Рим католик чиркөөсүнүн жана консервативдик депутаттардын каршылыгына карабай, тиешелүү мыйзам көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Шаршембиде жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8ге жакындаганда Сингапурдун Конгресс борборунда Эларалык Олимпиада комитетинин төрагасы Жан Рогг добуштардын жыйынтыгы салынган конвертти ачып, бир гана сүйлөмдү айтат. Аны спорттун миллиондогон күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ошентип, дээрлик эки жылдан бери өз ара таймашып келаткан Мадрид, Москва, Париж, Лондон же Нью-Йорк 2012-жылкы Олимпиада оюндарынын кожоюну деп аталат.
Бүгүн Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү декларацияга кол коюшту. Шейшембиде болсо Цзиантао башка лидерлер менен кошо Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитине катышат.
Багдадда Египеттин Ирактагы дипломатиялык миссиясынын жетекчиси уурдалып кетти. Каир Ирактагы миссиясын элчилик деген даражага көтөргөн алгачкы араб өлкөсү болуп калган. Жакында Багдад бул үчүн Каирге ыраазычылыгын билдирген эле.
Бүгүн Калининградда Россиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Герхард Шрөдер жана Франциянын мамлекет башчысы Жак Ширак менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө Европа Биримдиги менен Россиянын өз ара алакалары жана тараптар ортосундагы жаңы келшим тууралуу сөз жүрдү. Ал эми кошуна Литва жана Польшанын президенттери Калининграддын 750 жылдыгын белгилөөгө чакырылышкан жок. Муну Вильнюс жана Варшава дипломатиялык теңсинбөө катары кабыл алышты.
Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссариаты Кыргызстанга агылган өзбек качкындарынын айрымдарын үчүнчү өлкөгө которуштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Уюм Кыргызстанда качкындардын коопсуздугу жакшы камсыздалган эмес деп эсептейт. БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан Кыргызстандын мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бишкек келечекте качкындар жөнүндөгү эларалык мыйзамдарды сактайт деп убада бергенин билдирди.
Алгачкы Буукер эл аралык сыйлыгы албаниялык жазуучу жана акын Исмаил Кадареге ыйгарылды. Салттуу Буукер сыйлыгы англис тилинде жазган сүрөткерлерге тапшырылат. Быйылтан баштап анын эларалык варианты да пайда болду. “Азаттыктын” кабарчысы Илирьяна Бажо сыйлыкты тапшыруу аземинин алдында жазуучу менен маектешкен эле.
Вашингтондо Ирактын өмөт башчысы Ибрагим ал-Жафари менен АКШ президенти Жорж Буш сүйлөшүү өткөрүп жатышат. Тараптар Ирактагы коопсуздук кырдаалын, саясий жана экономикалык проблемаларды талкулоодо. Жафаринин визити Америкада Ирактагы аскерий миссияны колдогондор азайып, конгрессмендер Буш администрациясынан аскерлерди чыгарып кетүү планын талап кылып жаткан кезге туш келүүдө.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш саясатын аныктаганда элдин пикирин сурап билүүлөрдү, ар кандай сурамжылоолорду эске албай турганын айтып келет. Албетте, Буш Ирак кризиси тушунда Европаны каптаган антиамерикалык демонстрацияларга көңүл да бурган эмес. Дүйнөнүн 16 өлкөсүндө өткөрүлгөн сурамжылоо көргөзгөндөй, Американын аброюна жалгыз гана Ирак согушу эмес жалпы эле антитеррордук кампания, анын ичинде Гуантамо бэй түрмөсүндөгү мыйзам бузуулар терс таасир тийгизген.
Брюсселде Ирактагы реконструкцияга арналган эл аралык конференция башталды. Өлкөнүн жаңы өкмөтү 80-ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрүн шайлоо алдындагы саясий программасы менен тааныштырмакчы. Жыйындын катышуучулары негизинен экономикалык жана саясий реформаларды талкуулашат.
Вашингтон Бириккен улуттар уюмун реформалоо иштерин жетектөөнү өз колуна алууга тийиш. Мындай сунушун АКШ Конгрессинин эксперттер тобу киргизди. Комисииянын ой-пикирлери бир катар маселелер боюнча Улуттар уюмунун баш катчысы Коффи Аннандын жыл башында жасаган докладына үндөшүп кетет. Бирок байкоочулар, комиссия республикачылдар менен демократтардан куралгандыктан, анын отчету Ак Үйгө көп таасир тийгизе албайт дешет.
Брюсселде Евробиримдиктин эки күндүк саммити башталууда. Лидерлер франциялык жана голландиялык добуш берүүчүлөр шаркеттин орток Конституциясын четке каккандан кийин түзүлгөн кырдаалды талкуулап, документти ратификациялоо процессин убактылуу токтото туруу чечимин кабыл алышат деп күтүлүүдө. 2007-2013-жылкы бюджет боюнча талаштар да бул саммитте жөнгө салынаары күмөн.
Калифорния штатындагы Санта-Мария шаарынын соту америкалык поп жылдыз, ырчы Майкл Жэксонду күнөөсүз деп тапты. Ырчыга жашы жете элек балдарды аширет иштерге азгырган деген айып тагылган. Жэксондун дүйнөнүн булуң-бурчундагы ышкыбоздору бул кабарды кубануу менен кабыл алышты. Кээ бирлер болсо Жэксондун акталышына анын популярдуулугу жардам берди деп эсептешет.
Францияда майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Дээрлик 5 ай Иракта барымтада кармалып келген журналист Флоранс Обена бошотулуп, кечээ мекенине кайтып келди. Париждин чет жакасындагы аскерий аба майданда “Liberation” гезитинин кабарчысын президент Жак Ширак өзү тосуп алды. Журналист жана анын тилмечи, ирактык жаран Хусейн Анундун азат кылынышынын чоо-жайы белгисиз. Француз өкмөтү барымтачыларга эч кандай кун төлөнгөн жок деп ырастоодо.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш менен Британиянын премьер-министри Тони Блэр Африка өлкөлөрүнүн карызынын бир бөлүгүн кечүүгө даяр экендиктеринин ишара кылышты. Бирок шейшембиде Вашингтондо өткөн жолугушууда эки лидер Африканын эң жакыр өлкөлөрүнө бөлүнгөн жардамдын көлөмүн көбөйтүү, жердин глобалдуу ысышы өңдүү маселелер боюнча орток пикирге келе алышкан жок.
Кээ бир маалыматтарга ылайык, эки айдын ичинде Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин үстүнөн сот процесси башталышы мүмкүн. Экс-диктаторго 12 пункт боюнча айып тагылууда. Алардын арасында түштүк Ирактагы күрттөргө каршы химиялык курал колдонуу, саясий оппоненттеринин көзүн тазалоо, шийилердин көтөрүлүшүн күч менен басуу деген айыптар бар.
Ливандын түштүгүндө жекшембиде жалпы шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Хезболла” тобу менен “Амал” кыймылынын талапкерлери жеңет деп күтүлүүдө. Шайлоонун алгачкы туру баш калаа Бейрутта өтүп, анда Ливандын мурдагы өкмөт башчысы, маркум Рафик Хариринин уулу Саад жетектеген альянс утуп чыккан.
“Ал-Кайида” согушкер тобунун веб баракчасында жарыяланган маалыматка ылайык, Кошмо Штаттары тарабынан изделип жаткан террорист ал-Заркави Иракта жарадар болду. Мусулмандарды анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууга чакырган катта, ал-Заркавинин кандай жагдайда, качан жаракат алганы айтылбайт. Вашингтон анын башына 25 миллион доллар акча сайган. Жан кечтилердин кол салуулары, чет элдик жарандарды барымтага алып, көздөрүн тазалоо өңдүү карасанатайлыктардын артында ал-Заркави турат деген АКШнын аскерий өкүлдөрү соңку кабарды этият комментариялашууда.
Дагы жүктөңүз