"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Жекшембиде Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы миссиясынын басма сөз өкүлү барымтада жаткан кесиптештеринин саламаттыгы начарлап кеткенин билдирди. Кечээ болсо Кабулда Пакистан менен Ооганстандын мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул – Хамид Карзайдын 9-октябр күнкү шайлоону утуп чыккандан кийинки алгачкы ырасмий жолугушуусу болду. Пакистан президенти Первез Мушарраф Карзайды жеңиши менен куттуктап, кошуна өлкөдөгү жалпы улуттук шайлоонун ийгилигин бүтүндөй аймак үчүн жакшы жышаана катары баалады.
Алгачкы маалыматтар көргөзгөндөй Украинадагы президенттик шайлоого катышкандардын 84% добуштары саналып бүттү. Азыркы премьер Виктор Янукович ал добуштардын 41%, ал эми оппозициянын лидери Виктор Ющенко 39% алганы айтылууда. Талдоочулар шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү ыктымал дешүүдө. Анткени талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын 50%тен көп добушун ала алышпайт шекилдүү.
«Ал-Кайида» Ирактагы «Жихад үчүн» деген уюм 50 чакты ирактык жоокердин көзүн тазалагандыгын мойнуна алды. Ал-Заркавинин тобу ислам веб баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө ишемби күнкү массалык кыргын үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Талдоочулар болсо козголоңчулар жергиликтүү аскер, полициячыларга кол салуулары менен убактылуу өкмөттүн абройуна шек келтирүүнү көздөп жатышат дешүүдө.
23-октябрда Жапонияда болгон жер титирөөдөн курман болгондордун саны 21 кишиге жетти. Тогуз жылдан берки эң катуу зилзаладан кеминде 2 миң адам жарадар болуп, дагы миңдеген киши үйсүз калды. Өткөн аптада болсо Жапон аралдарындагы тайфун 80ге жакын кишинин өмүрүн алып кеткен.
Бир нече күндөн кийин америкалыктар өлкөнүн 44-президентин тандашат. Бирок чыныгы шайлоо бир айдан кийин, шайлоогерлер коллегиясы добуш бергенде болот. Адатта жеңүүчүнүн ысымы биринчи эле баскычтан кийин аталышы мүмкүн. Арийне АКШнын тарыхында 3 ирет 19-кылымда эки жолу жана кечээ жакында эле 2000-жылы элдин эң көп добушун алган талапкер Ак үйдү ээлебей калган. Мындан улам айрым эксперт-адистер шайлоогерлер коллегиясын жоюу же аны өзгөртүүнү сунуш этишүүдө.
Беларустар бүгүн президент Лукашенконун үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгү боюнча добуш берип жатышат. Референдум менен кошо Улуттук жыйын же парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өтүүдө. АКШ менен Евробиримдик бул добуш берүү демократиялык стандарттарга дал келбейт деген күмөн саноолорун күн мурунтан эле айтып чыгышкан эле.
Рамазан айынын башталышы менен дүйнө жүзүндөгү мусулмандар орозо кармап, беш парзынын бирин аткарышат. Ал эми мусулмандар азчылыкты түзгөн Батыш мамлекеттеринде ислам дини менен жакындан таанышууга, анын маани-мазмунун билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир нече жыл мурун Кошмо Штаттары менен Британияда мусулман эмес студенттер арасында бир күн болсо да орозо кармап, соопчулукка акча чогултуу демилгеси башталган.
Кошмо Штаттардын БУУдагы элчисинин орун басары Эн Паттерсон Вашингтон МАГАТЭнин отчётуна байланыштуу иликтөө жүргүзүүгө даяр деп ырастады. 12-октябрда Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Ирактын өзөктүк программасынын айрым компонеттери жоголуп кеткендигин айтып, камтамачылыгын билдирген эле. БУУнун Курал инспекциясы да химиялык, биологиялык же баллистикалык курал-жарак чыгарууда колдонулчу жабдыктардын жайылып кетиши өтө коркунучтуу деп эсептейт.
Дем алыш күнү жетишилген тынчтык келишимине ылайык, шийи согушкерлерине курал-жарактарын тапшырууга 5 күн берилет. Бул жөнүндө Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча министри Касым Дауд билдирди. Аллавинин утурумдук өкмөтү радикал шийилердин лидери Муктада Садр менен жетишилген макулдашуу башка козолоңчулар менен да тил табышууга жол ачат деп үмүттөнөт.
Евробиримдикке кирген айрым мамлекеттер имигранттарды ылгоо борборлорун ачуу планын ыкчамдатууну көздөп жатышат. Дээрлик күн сайын жүздөгөн качкындар өмүрүн тобокелге салып Жер ортолук деңизи аркылуу Европа континентине агылат. Андыктан бул кадам бозгундардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат деп түшүндүрлүүдө. Шаркеттин башка бир мүчөлөрү жана БУУ мындай демилгеге каршы болууда.
5-октябрда Чеченстандын жаңы президенти Алу Алханов ант берди. Грозныйдагы инаугурация коопсуздук органдарынын катуу көзөмөлү алдында өттү. Быйыл майда жумурияттын башчысы Ахмад Кадыров терракттан мерт кеткеден кийин кезексиз шайлоо жарыяланып, Кремлдин колдоосуна ээ болгон Алханов жеңип чыккан эле. Ант берип жатып, Алханов Чеченстанда стабилдүүлүк орнотом деп убада берди.
Жөөт армиясы Газа тилкесиндеги аскерий рейдин улантып жатат. Бейшемби күнү башталган операциядан 60тан ашуун киши окко учту. БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Тель-Авивти Газадагы жортуулун токтотууга чакырды. Араб лигасы болсо бул маселени Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында жана Коопсуздук кеңешинде козгогону жатат.
Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Газа тилкесиндеги аскерий операция улантылат деп жарыялады. Бул масштабдуу рейд шаршембиде палестин тараптан атылган ракетадан эки жөөт бала каза тапкандан кийин башталган. Ошондон бери 50гө жакын палестин адамы окко учту.
Ооганстандагы президенттик шайлоонун тынч өтүшү үчүн эл аралык контингент, жергиликтүү армия жана уруу башчылары биргелешип аракеттенишет. Региондордогу коопсуздукту камсыздоо ооган полициясы менен аскерлерге жүктөлмөкчү. Керек болгон учурларда аларга бейпилдик күчтөрү жардам беришет. Бул жөнүндө БУУнун бейпилдик күчтөрү боюнча жооптуу өкүлү Жан Мари Гуэнно шейшембиде коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө билдирди.
Ооганстандагы президенттик шайлоого 2 апта калган учурда "өнөктүк адилет жана эркин болобу?", "коопсуздукту камсыздоо үчүн жетиштүү чара көрүлүп жатабы?" деген өңдүү суроолор көбүрөөк көтөрүлө баштады. Аны менен бирге айрым байкоочулар өлкөдөгү аял-шайлоочулардын активдүүлүгүнө көңүл бурушат.
Пакистандын маалымат министри билдиргендей, кечээ кечинде өлкөнүн коопсуздук органдары Ал-Каийданын активдүү согушкерлеринин бири Амжад Фарукини жок кылышты. Фаруки америкалык журналист Даниэл Перлди өлтүрүүгө жана президент Мушаррафка болгон ийгиликсиз кол салууга катышкан деп шектелүүдө. Пакистандын күчтөрү өткөргөн рейд учурунда бир нече жоочу колго түшүрүлгөнү маалымдалууда.
Кечээ Ирактын өкмөт башчысынын орун басары Бахрам Салех Ассошейтед пресске берген интервьюсунда Аллавинин администрациясы жалпы элдик шайлоону белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө аракеттенип жатканын, бирок коопсуздук кырдаалынан улам добуш берүү өлкөнүн кээ бир чөлкөмдөрүндө болбой да калышы ыктымал деп билдирди. Фаллужа шаарында болсо америкалык аскерлер согушкерлердин шектүү жайларына соккусун улантууда.
Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясы өз ишин улантып жатат. Кечээ Россия Коопсуздук кеңешине качкын макамын бузгандарды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүүнү ыкчамдатуу жөнүндө резолюция долбоорун сунуш этти. Саясий башпаана маселесиндеги пикир келишпестиктерге карабай, Британия Москванын бул долбоорун колдоп чыкты.
Борбор Азияда иштеген чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар көпчүлүк убакытта жергиликтүү бийликтердин бут тосууларына, кас мамилесине кабылышат. Өткөөл процесстердин заманында борборазия жумурияттарынын жетекчилери алардын миссиясына ишенбөөчүлүк менен карашат.
Дагы жүктөңүз