"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ошто ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдарга дарты угузула баштады.
Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович үч жыл мурда кандуу окуялар боюнча сотто көрсөтмө берди.
Мыйзамга ылайык, эркек жабыркаган кызга үйлөнсө, ага күнөө тагуу белгисиз мөөнөткө жылдырылат же таптакыр жазаланбайт.
Молдовада президенттик шайлоодо орусиячыл саясатчы жеңди. Евробиримдик менен Орусия ортосунда баланс табууга аракеттенип келген Кишинев эми кайрадан Москванын орбитасына тартылабы?
Дональд Трамп кылмыш жасагандарды өлкөдөн чыгаруу, Мексика менен чек арада дубал куруу пландарын бышыктады.
Бирок Орусия бул маалыматты четке какты.
Күртчүл Элдик демократиялык партиянын 11 депутаты камакка алынды. Партия өкүлдөрү муну өлкөнү жарандык согушка түртүү аракети катары баалады.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияда химиялык курал колдонуу боюнча иликтөө комиссиясынын мандатын узартты.
Апийим чеңгелиндеги Ооганстан. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча,өлкөдө баңгизат айдалган аянт быйыл 10% өстү. Казакстанда экстремизмге каршы аракеттер күч алды.
Черногориянын премьер-министри Мило Жуканович кызматынан кетти. Анын алдында эле өкмөт башчы парламенттик шайлоо күнү төңкөрүш уюштуруу аракетине Орусия аралашкан деп айыптаган эле.
Ирак армиясы Мосулга жакындаган маалда “Ислам мамлекети” радикал тобу өлкө түндүгүндөгү Анбар провинциясына чабуул коюшту.
АКШнын расмий адамдары Иран америкалык кемелерге сокку уруу үчүн Йемендеги козголоңчуларды ракеталар менен камсыз кылган деп айыпташты. Тегеран айыптоолорду четке какты.
Нобел комитети адабият сыйлыгын америкалык ырчы Боб Диланга берүүнү чечти.
Нобел тынчтык сыйлыгы Колумбия президенти Хуан Мануэл Сантоско берилди. Норвегиянын Нобел комитети анын жарым кылымдан бери уланып келаткан жарандык согушка чекит коюу аракетин баалап, башка өлкөлөр да Колумбиядан үлгү алат деген ишенимин билдирди.
Вашингтон Сирия боюнча Москва менен мындан ары иштешпей турганын билдиргенден кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши ок атышууну токтотуу келишимин сактап калууга аракет көрдү. Бирок Орусия ал резолюция долбоорун дароо четке какты.
Тажикстанда жергиликтүү аткаминерлер арасында президент Эмомали Рахмонго сый-урмат көргөзүү өзүнчө бир жарышка айлангандай.
Ооганстандын Кундуз шаарында өкмөттүк күчтөр менен талип согушкерлери ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Жоочулар калаага түн ортосунда уюшулган чабуул башташкан. Өткөн жылы Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын борбору бир нече күнгө талиптердин колуна өткөн эле. Кошуна өлкөдөгү окуяларга байланыштуу Тажикстан чек ара күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирди.
Филиппин президенти Родриго Дутерте Адольф Гитлер үч миллион жөөттү кыргандай эле үч миллион баңгини жок кылууга даярдыгын айтты.
5-октябрда БУУнун баш катчылыгына талапкерлер үчүн кезектеги жашыруун добуш берүү өтөт. Буга чейинки төрт айлампадан кийин Португалиянын мурдагы премьер-министри, Качкындар боюнча мурдагы жогорку комиссар Антонио Гутеррес алдыда баратат. Бирок Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Орусия анын талапкерлигин өткөрбөй коюушу мүмкүн. Азыркы баш катчы Пан Ги Мундун кызматтагы мөөнөтү жыл соңунда аяктайт.
Европа Биримдиги Республика Српскада жекшембиде өткөн референдумду мыйзамсыз деп атады.
Дагы жүктөңүз