"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Швециянын парламенттик тажрыйбасынан Кыргызстан эмнелерди уйрөнө алат?
Бангладеш бийликтери борбор шаар Даккада 20 чет өлкөлүк жарандын көзүн тазалаган куралдуу топ "Ислам мамлекети" радикал уюмунун эмес, жергиликтүү жоочулар тобунун мүчөлөрү болчу деп билдирди.
CNN Turk кабарлагандай, Ички иштер министри Эфкан Ала Ататүрк аба майданындагы чабуулга байланыштуу парламентте маалымат берип, үч жанкечтинин биринин тек-жайы жана улуту такталганын айтты. Министр 43 киши каза болгонун, бул санга террорчулар камтылбаганын, маркумдардын 19у чет өлкө жарандары экенин белгиледи.
Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы кол салууда курман болгондордун саны 41 кишиге жетти. Алардын ичинен 10 киши чет өлкөлүк жарандар болсо, дагы үчөө кош жарандыгы барлар экени аныкталды.
Британиядагы референдумдун жыйынтыгы Еврошаркеттин Брюсселдеги саммитинин күн тартибиндеги башкы маселе болууда.
АКШ баштаган эл аралык коалициянын жардамы менен стратегиялык аймактарды “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлеринен бошотуу операциясы күч алды. Калаада 50 миңдей жай тургун сыртка чыга албай кала берүүдө.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азербайжан редакциясынын журналисти Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду.
Түркияда Дүйнөлүк биринчи Гуманитардык саммит өтүп жатат. Улуттар уюмунун демөөрчүлүгү менен уюштурулган эки күндүк форумда лидерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, бардыгы болуп 6 миңдей катышуучу глобалдык кризиске жооп кайтаруу жолдорун талкуулашууда.
9-майда Спорт Арбитраждык соту УЕФАнын төрагасы Мишел Платининин футбол менен алектенбөө тыюусун алты жылдан төрт жылга түшүрүп, айыппулдун көлөмүн да кыскартты. Платини ФИФАнын Этикалык кодексин бузган деп табылды. Мурдагы даңазалуу футболчу соттун бул чечиминен кийин кызматтан кетээрин билдирди.
Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA 2014-жылкы изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, тыюу салынган заттарды колдонуу боюнча биринчи орунда Орусиянын спортчулары, андан кийин Италия жана Индия өкүлдөрү турат. Спорт түрлөрүн алганда кызытманы эң көп жеңил атлетчилер колдонушат, экинчи жана үчүнчү орунду бодибилдинг жана велоспорт ээлеген.
Украина чыгышында кырдаал акыркы жумаларда кайрадан курчуп кетти. Бул тууралуу бейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде өлкөдөгү абалга арналган талкууда айтылды.
Сауд Арабиянын бийлиги апта башында жарыялаган жаңы планда өлкө экономикасынын мунайдан көз карандысыздыгын акырындап жоюу каралган. Реформалар ошондой эле социалдык тармакта да жүргүзүлмөкчү.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды. Анын талапкерлигин жыйынга катышкан 120 депутаттын 88и колдоду. Исхак Масалиев 26 добуш алды.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 26-апрелде "жер маселесин чайкоочулук кылган чагымчылар жоопко тартылышы керек” деп билдирди. Мамлекет башчы мындай пикирин Атыраудагы уруксат берилбеген митингден эки күн өткөндөн кийин айтты.
Рио-де-Жанейродогу Жайкы Олимпиадага туура 100 күн калды. Бул дүйнөлүк ири спорттук мелдеш Бразилия үчүн кыйын мезгилге туура келүүдө.
Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын мүчөлөрү уюмдун жаңы баш катчысына талапкерлер боюнча угууларды башташты.
Бүгүн Сирияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Оппозиция бойкоттогон өнөктүктө 250 депутаттык мандат үчүн 3,5 миңдей талапкер ат салышууда. Ал тапта Женевада Сирияда тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталды.
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк кызматтан кетерин жарыялады. Өкмөт башчынын отставкасы тууралуу кептер жыл башынан бери айтылып келген.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык бөлүмү 24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай кезектеги баяндамасын жарыялады.
Брюсселдеги Завентем аэропортунда өзүн өзү жардырган жанкечти өткөн ноябрда Париждеги теракттарга да катышкан деп шектелген адам болуп чыкты. Мындай жыйынтыкка тергөөчүлөр генетикалык экспертизанын негизинде келишти.
Дагы жүктөңүз