"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Украинанын президенти Петро Порошенко өлкө чыгышындагы кан төгүүнү токтотуу максатында 9-декабрдан тарта армия ок чыгарбай турганын билдирди.
Беларустун президенти Александр Лукашенко 3-декабрдагы кеңешмеде Орусия Бажы биримдиги боюнча келишимде каралган макулдашууларды бузууда деп катуу сындады.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин парламентке жылдык кайрылуусу бул жолу Москва менен Батыштын мамилелери сууп кеткен учурга туш келди.
Президент Владимир Путин Түркиядагы сапары учурунда Орусия Европа биримдигинин каршылыгынан улам "Түштүк агым" газ долбоорунан баш тартаарын билдирди.
Франциянын парламенти Палестинаны мамлекет катары таануу боюнча резолюция долбоорун 2-декабрда карамакчы.
АКШ администрациясынын расмий өкүлү Вашингтон Украинага согуштук курал-жарак жөнөтпөө саясатын кайра карап чыгууга тийиш деп билдирди.
Март айынан бери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинада атайын байкоочу миссиясын кармап келатат. Бирок Украина уюмдун ролун сындоодо.
АКШ жана Европа биримдиги Чыгыш Украинанын орусиячыл жикчилдер ээлеп алган аймактары аркылуу аскерлер жана оор техника өткөнү тууралуу кабарларга тынчсызданууда.
Норвегиялык "Форум 18" укук коргоо уюму Кыргызстанда дин эркиндиктери урматталбайт деп эсептейт.
АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш жана Ирандын атомдук программасы боюнча маселелерде Конгресс менен “жемиштүү” иштешерин билдирди.
Сирияга уулун издеп барган казакстандык аял, аны кайтара албай кайтып келгенин «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысына баяндап берди.
24-октябрда Франциянын Лион шаарынын соту Орусия жана Украинанын өтүнүчтөрүн канааттандырып, казакстандык банкир Мухтар Аблязовду экстрадициялоо чечимин чыгарды.
АКШ президенти Барак Обама Пентагонго эбола кризисин жөнгө салуу үчүн Батыш Африкага аскерлерди жөнөтүүгө даяр туруу тапшырмасын берди.
Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузууда жана Европанын картасын кайра чийүүгө аракет кылууда деп билдирди.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу Анкара “Ислам мамлекети” уюмунун Сириянын түндүгүндөгү согушкерлерине каршы өз алдынча кургактан операцияга барбайт деп билдирди.
Эмне себептен орусиячыл жикчилер шаардын аэропортуна көп маани берип, аны өкмөттүк армиядан тартып алууну көздөшөт?
Le Monde гезитинин жаңы санында жарык көргөн маалыматка ылайык, Казакстанга 45 тик учак сатуу боюнча келишим үчүн президент Нурсултан Назарбаевдин өтүнүчү боюнча Франциянын ошол кездеги мамлекет башчысы Николя Саркози казакстандык белгилүү бизнесмендерди Бельгиянын сотунан куткарууга кол кабыш кылган деп шектелүүдө.
Мыйзамсыз курал соодасы менен шугулданган польшалык ишкер атайын иликтөө жүргүзгөн журналисттерге Украина чыгышындагы жикчилдерге куралды Кыргызстандан жазылган жалган документтер аркылуу жеткирсе болорун айтып берди. Алардын репортажы өткөн бейшембиде чех радиосунда обого чыкты.
“Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери Түркия менен чек арадагы сириялык Кобани шаарынын айланасындагы бир катар стратегиялык бийиктиктерди ээлеп алышты.
27-сентябрда Стамбулда Кыргызстандын Башкы консулдугунун 20 жылдыгы жана Кыргызстан достук жана маданият коомунун беш жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Дагы жүктөңүз