"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Барымта окуясы болгон Логар вилаетинде талиптер акыркы кездерде өтө активдүү болуп жатат. Бийлик алар менен уруу аксакалдары аркылуу сүйлөшүү жүргүзөт, - деп айтып берди "Азаттык" радиосунун ооган кызматынын редактору Кадер Хабиб.
Бүгүн Массачусетс штатынын бир катар шаарларында Бостон марафонунда каза тапкандарды эскеришет.
Пакистандын экс-президенти 1999-2008-жылдары бийликте турган кезинде Конституцияны бузган деп күнөөлөнүүдө.
Жон Керри Түндүк Корея менен тиреш курчуп бараткан учурда Түштүк Корея жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн Сеулга барды.
Германиянын канцлери Ангела Меркел орус президентин бейөкмөт уюмдарга "жакшы мүмкүнчүлүк” берүүгө үндөдү.
2-апрелде жана кечээ футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюндары өттү.
Түндүк Кореянын Йонгбьон атомдук реакторун кайра ишке киргизээрин жарыялашы Батыш менен тирешүүнү жаңы деңгээлге чыгаргандай.
Жогорку Кенеш жаш балдарга сексуалдык ыдык көргөзгөн адамдарды жазалоо боюнча мыйзам долбоорун даярдады.
Түндүк Корея артиллериясын жогорку даярдыкка келтирип, кошуна Сеул менен чукул байланышты толугу менен үзүп салды.
Шейшембиде 2014-жылкы Дүйнө чемпионатына иргеп алуу матчтары өттү. Испания ФИФАнын квалификациялык оюндарында ушуну менен 50-матчта жыдыган жок.
Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун бир нече убакыттан бери элге көп чыкпай калышы анын жүрөгү кармап оор абалда жатат деген айың кептерге жем таштады. Президенттин кеңсеси бул маалыматты төгүнгө чыгарганы менен, андай имиштер Каримовдун ордун ким басат деген эски дискуссияны кайра жандандырды.
Жозе Моуриньо жылдын эң мыкты машыктыруучусун тандаганда ФИФА бурмалоолорго жол берген деп сындады. France Football журналынын рейтинги көрсөтөкөндөй, айына 141 миң евро алган Дэвид Бэкхем эң көп киреше тапкан футболисттер тизмесинин биринчи сабына жайгашты.
Кипрдин парламенти банк депозиттерине кошумча салык киргизүү маселесин талкуулаганы турат.
Чемпиондор Лигасынын бул жолку матчтары Испания футболунун триумфуна айланды. “Малага” тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чыкса, кыйын абалга кептелген “Барселона” дагы бир жолу мыкты команда экенин далилдеди. Бул эки клубдан тышкары чейрек финалга Түркиянын “Галатасарай” клубу менен Германиянын “Бавариясы” чыкты.
Уго Чавес көз жумгандан кийин жакын өнөктөшү Махмуд Ахмадинежад маркум тирилип, кайтып келет деген билдирүүсү менен элди айраң калтырса, эми маркумдун энесин кучактаганы үчүн сынга кабылды.
"Реал Мадрид", "Пари Сен Жермен" (PSG), "Боруссия Дортмунд" жана Туриндин "Ювентус" командалары Чемпиондор Лигасынын чейрек финалына чыгышты.
Кытай өкмөтү быйыл улуттук экономика 7,5% өсөт деп мерчемдейт. Бул тууралуу премьер-министр Вэн Цзябао билдирди.
Сирия президенти Башар Асад кызматынан кетпей турганын кайталап, Британия Сирия оппозициясын колдоодо деп сындады.
Москвада кремлчил активисттер балдарды чет өлкөлөргө асыроого бербөөнү талап кылып, жүрүш өткөрүшүүдө.
Дагы жүктөңүз