"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
22-декабрда Пакистанда орун алган жардыруудан набыт болгондордун саны 9 кишиге жетти.
Кыргыз кино өнөрүнүн залкар устаты, таланттуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин дүйнө салганына 11 жыл толду.
Президент Обама АКШда балдарды коргоо үчүн жетиштүү чара көрүлбөй жатканын моюнга алды.
Шаршембиде Каирде президентти колдогондор менен каршы чыккандар кагылышып, кеминде 5 киши набыт кетти.
Transparency International уюмунун быйылкы баалоосунда Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинде 154-орунга жайгашкан.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта жер жүзүндө ВИЧке чалдыккан 34 миллиондой киши жашайт.
Испанияда 25-ноябрда регионалдык шайлоодо Каталониянын бөлүнүшүн жактаган партиялар жеңишти.
Бороон-чапкын менен суу ташкын АКШ менен Канадада 40тай кишинин өмүрүн алып кетти.
Дубровкадагы трагедияда набыт болгондордун жакындары бийлик куткаруу операциясындагы каталарын мойнуна алат деп үмүттөнүшөт.
ФБРдын агентинин иликтөөсү М.Бакиев менен Е.Гуревичтин ишкердик өнөктөштүгү 2010-жылдан кийин дагы уланганын ачыктайт.
12-октябрда эртең менен Улуу Британиянын укук коргоо органдары Кыргызстан жана АКШнын өтүнүчү боюнча Максим Бакиевди кармады.
Орусиялык саясий аналитик Сергей Маркедонов Кыргызстанда 3-октябрь күнү болгон окуялар өлкөдөгү бейстабилдүүлүктөн, саясий маданияттын өзгөчөлүгүнөн кабар берет, бул жерде тышкы күчтөрдү издөөнүн кажети жок деп эсептейт.
Коопсуздукту камсыздоону өз колуна алууга камынып жаткан Ооганстан саясий кризиске батышы мүмкүн. Мындай эскертүүнү Эл аралык кризис тобу жаңы баяндамасында билдирет. НАТО баштаган эл аралык контингент Ооганстандан 2014-жылдын аягына чейин чыгып кетмекчи.
Пакистанда оппозициялык саясатчы Имран Хан Исламабаддан Түштүк Вазиристан аймагына карай жүрүш уюштурду.
Түркия парламенти куралдуу күчтөргө кошуна Сирияда аскердик операция өткөрүүгө уруксат берди.
Грузия президенти бийликтеги партиясы парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, эми Бирдиктүү улуттук кыймыл оппозицияга өтөөрүн жар салды.
Айтматовдун жарык көрө элек романы табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун кызы Ширин Айтматова билдирди. “Жер жана флейта” романынын кол жазмасын Айтматовдун үй-бүлөсү жазуучунун иш бөлмөсүндөгү кагаздарды ирээттеп жаткан учурда табышкан.
Дүйнө лидерлери жыйында бир нече күн бою сөз сүйлөп, глобалдык маселелерди талкуулашмакчы.
Пакистандын Пешавар шаарында “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына каршы нааразылык акциясында 16 киши өлгөнү кабарланууда.
Мусулман өлкөлөрүндө Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү фильмге байланыштуу тутанган нааразылык акциялары боюнча Кыргызстандын Токиодогу элчилигинде иштеген дипломат Руслан Бекназаровдун атынан Фейсбукка бир нече комментарий жарыяланды.
Дагы жүктөңүз