"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Укук коргоочу уюмдардын ырастоосунда, Ливиянын экинчи чоң шаары – Бенгазиде полиция демонстранттарды аткылаган соң мерт болгондор саны көбөйдү.
Ливиянын Бенгази портунда массалык демонстрация болгону, анын алдында Бахрейндин борбор шаарындагы тополоңдордо 2 киши окко учканы кабарланууда.
АКШ саясий реформа жүргүзүү керектигин айтып, Египет өкмөтүнө кысымын күчөттү. Элдик толкундоолорго карабай, Мубарак кызматынан кеткиси жок.
Чечен сепаратисттеринин лидери Доку Умаров Домодедово аба майданында жардырууну уюштурганын билдирди.
Египетте демонстранттарга каршы катуу чаралар көрүлүп жатканына карабай, элдик толкундоолор күч алууда.
Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык ар түрдүүлүккө шарт түзсө дүйнөнүн булуң-бурчундагы инвесторлорду аймакка тарта алышат.
Москванын Домодедово аба майданында 24-январда болгон жардыруудан кеминде 35тей киши набыт кетип, 130га жакыны жарадар болду.
HRW уюму баяндамасында айрым өкмөттөр адам укуктары жаатында зулум режимдерге кысым көрсөтүүнүн ордуна жумшак мамиле кылып жатканын сынга алды.
АКШда жайгашкан Freedom House эл аралык уюму дүйнөдөгү саясий укукатарды жана жарандык эркиндиктерди изилдеп чыкты.
АКШда жаңы Конгресс ишин баштады. Былтыр ноябрда болгон шайлоодо республикалык партия жеңип, Өкүлдөр палатасында кайрадан үстөмдүк кылып калды.
Ички иштер министри Бишкектен өйдө, тоо этектеги Беш-Күнгөй айылында өткөн атайын операция бүтөөрү менен “Азаттыкка” арнап интервью берди.
Президенттин колунан "Даңк" медалын алган укук коргоочу Төлөкан Исмаилова муну өлкө адам укуктарынан, демократиялык жараяндан тайбайт деген ишара катары баалайт.
Батыш Африкадагы 3 өлкөнүн президенттери Кот Д`Ивуарда өзүн дагы эле президент деп эсептеген Гбагбонун бийликтен кетүүсүн талап кылышты.
Транспорт прокуратурасы Москванын ири 2 эларалык аэропортунан миңдеген жүргүнчүлөрдүн учпай калышын териштирүүдө. Катуу сууктан улам Домодедово менен Шереметьево аэропорттору электр энергиясыз калып, соңку 3 күндүн ичинде 200дөн ашуун рейс үзгүлтүккө учурады. Кыргызстандан Москвага учкан рейстер да жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү бир нече саатка кармалды.
23-декабрда Римдеги 2 элчиликте чакан бомбалар жарылып, 2 киши жарадар болгон. Ал үчүн жоопкерчиликти анархисттер өздөрүнө алышты.
Украинанын Башкы прокуратурасы мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып такты.
"Косовонун премьер-министри Хашим Тачи адам органдары жана маң заттары менен соода кылган кылмыштуу топту жетектеген" деген мазмундагы доклад 16-декабрда Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын комитетине сунушталмакчы.
АКШ оккупацияланган жана талаштуу аймактарда жөөт конуштарын курууга мораторий киргизүү аракетин токтотту.
Британ аскери Ооганстандан келээрки жылы кайта башташы мүмкүн. Бул тууралуу британ премьери Дэвид Камерон билдирди.
Жекшембиде Молдовада кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлөт. 2 жылга жетпеген убакытта молдовалык добуш берүүчүлөр ушуну менен 3-жолу депутаттарды шайлашат. Бирок байкоочулар шайлоодон кийин өлкө саясий туңгуюктан чыгат деп айтуу азыр эртелик кылат дешет.
Дагы жүктөңүз