"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Өлкө тарыхындагы ири көз боемочулук жөнүндө жазган италиялык гезиттер Евгений Гуревичти бул иштеги табышмактуу адам деп бир ооздон аташат. Эмне дегенде Кыргыз өкмөтүнүн кеңешчиси тууралуу Аппенин жарым аралында көп маалымат жок.
Италия прокуратурасы Кыргыз өкмөтүнүн финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич Fastweb жана Telecom Italia Sparkle компанияларынын мыйзамсыз иштерине көмөктөшкөн деп шектенүүдө.
Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн 50дөн ашуун адам каза тапты. Зилзаланын очогу - Элазиг чөлкөмүндө бери дегенде 6 кыштак толугу менен кыйрап калды. Түркиянын Кандилли сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен.
3-мартта казакстандык жазуучу Геролд Белгер Германия Федеративдүү жумуриятына сиңирген эмгеги үчүн орден алды. Теги немис жазуучу казак, немис жана орус тилинде жазган чыгармаларында сталиндик репрессияларга туш болгон Поволжье немистеринин тагдырын чагылдырып жүрөт.
Голландиянын эки ири шаарында жергиликтүү шайлоодо антиисламчыл саясатчынын партиясы ийгиликке жетишти. "Эркиндик үчүн" партиянын лидери Гирт Вилдерс жайында парламенттик шайлоодо жеңээрине ишенет.
Тажиктер 28-февралда парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү кеңештерге өкүлдөрүн шайлашты. Шайлоо участкалары жаңы эле жабылганы менен, добуш берүүчүлөр жана оппозициядагы саясатчылар өнөктүк ачык өткөн жок деп ырасташууда.
Чилиде катуу жер титирөө болуп, азырынча 70тен ашуун кишинин каза тапканы маалымдалууда. Күчү 8,8 баллга жеткен силкинүүнүн очогу өлкөнүн экинчи ири шаары Консепсьондон 100 чакырым алыстыкта орун алган.
Жекшембиде Ооганстандын Дай Кунди чөлкөмүндө НАТОнун аба соккусунан, айрым кабарларга ылайык, 30 чакты жайкын жашоочу каза тапты. Түндүк альянстын командачылыгы бул кокустук үчүн кечирим сурады. Ооган президенти Хамид Карзай эл аралык күчтөрдү карапайым адамдар арасындагы жоготууларды алдын алууга үндөп келатат.
Француз тил мугалими баткендик Исламидин Азимов эл агартуу тармагына кошкон салмактуу салымы үчүн Франция академиясынын ордени менен сыйланды. Баткен облусундагы Халмион айылындагы Токтогул атындагы мектепте 40 жылдан ашуун убакыттан бери иштеген мугалимди сыйлоо аземи бүгүн Бишкекте кино үйүндө өттү. "Азаттык" сый-урматка ээ болгон элеттик педагогду кепке тартты.
Иран бийлиги оппозициянын тарапкерлери өткөргөн демонстрацияларды күч менен таркатты. Кечээ (11-февралда) өлкөдө Ислам ыңкылабынын 31 жылдыгы белгиленген. Бул аралыкта Ирандын мурдагы шахынын баласы оппозициядагы “жашылдар” кыймылына колдоосун билдирди.
Ооганстандын Саланг ашуусунда кардын алдынан 160тай кишинин сөөгү чыкты. 8-февралда Гиндукуш тоолорунда көчкү жүрүп, ондогон автобустарды, жүк тарткан оор машиналарды көмүп калган. Куткаруучулар өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн дешүүдө.
8-февралдын кечине карай Украинадагы президенттик шайлоодо добуштардын 99,13 проценти саналып бүттү. Акыркы маалыматтарга караганда, Региондор партиясынын лидери, москвачыл саясатчы Виктор Янукович өкмөт башчы Юлия Тимошенкодон алдыда баратат.
Батыш өлкөлөрү Тегерандын уран байытуу жаатындагы жаңы чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдиришүүдө. 7-январда президент Махмуд Ахмадинежад уранды 20 процентке чейин байытууга буйрук берди. Анын алдында Ахмадинежад Иран чала байытылган суюк отунду чет өлкөлөргө жөнөтүп турууга даяр деп айткан эле.
Казак эл жазуучусу, таанымал тарыхчы Мухтар Магауин үстүбүздөгү аптада 70 жашка толду. “Бир ууч буудай”, “Казак тарыхынын алиппеси”, “Көк мунар, “Шахан-Шер”, “Казак ордосу” жана башка чыгармалардын автору 1940-жылы Семей облусунда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, 2050-жылга карата дүйнөдөгү ар бир бешинчи киши 60 жаштан улуу болот. Бирок айрым өлкөлөрдө улгайган кишилер дискриминацияга көп кабылып келет. БУУ улуу муундун өкүлдөрүн коомдук турмуштан четте калтырбоо, аларга ар дайым камкордук көрүү керектигин белгилейт.
Cүрөтчү Сергей Мельникоффдун чырына байланыштуу "Азаттык" менен Президенттин Катчылыгынын эксперттик-талдоо кызматынын башчысы Султан Жумагулов ой бөлүштү.
Түркмөн президенти Гурбангули Бердимухаммедов бүгүн Парижде Франциянын мамлекет башчысы Николя Саркози менен жолугушту. Адам укуктарын коргогон бир катар эл аралык уюмдар президент Саркозини сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстандагы адам укуктары маселесин козгоого үндөшкөн.
Түркмөн президенти Гурбангули Бердимухаммедов бүгүн Франциядагы расмий сапарын баштоодо. 3 күндүк визит маалында ал президент Николя Саркози, тышкы иштер министри Бернар Кушнер, башка расмий адамдар менен жолугушмакчы. Адам укуктарын коргогон бир катар эл аралык уюмдар президент Саркозини сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстандагы адам укуктары маселесин козгоого үндөшүүдө.
Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорунда сейрек кездешчү чымчыктардын түрү көбөйгөн жер табылды. Жапайы табиятты сактоо коому таранчынын түркүмүнө кирген Acrocephalus scirpaceus деген чымчыктарды жана балапандарын тапканын жарыялады.
Британияда мурдагы премьер-министр Тони Блэрдин Ирак согушун териштирүү үчүн түзүлгөн комиссияга берген көрсөтмөлөрү байма-бай комментарияланып жатат.
Дагы жүктөңүз