"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Бүгүн 20-мартта Иракка АКШ башындагы күчтөрдүн басып киргенине беш жыл толду. Бул согуш чагылгандай тез бүтүп, арзан да болот же Ирак мунайдан алган кирешенин бир бөлүгү менен жабылат деп болжолдонгон. Бирок согуш дале уланууда. Чыгымы да өсүүдө. Президент Буш шаршемби күнү Пентагондо сүйлөп, Ирактагы кан төгүүлөр азайганын, америкалык аскерлер менен ирактык күчтөр «ал-Каидага» каршы колмо-кол согушуп жатканын, Иракка басып кирүүдөн дүйнө утканын айтты.
Армян полициясы түнкү кагылышууларда 8 киши набыт болгонун маалымдады. Кечээ баш калаа Ереванда президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон демонстранттар күч менен таркатылып, кийинчирээк эл кайрадан чогула баштаган. Полициянын басма сөз өкүлү өлгөн адамдар ким экенин тактаган жок, бирок 33 полициячы жарадар болгонун кошумчалады. Бүгүн шаардын көчөлөрүн аскерлер жана оор техника кайтарууда. Президент Роберт Кочарян 20 күнгө чукул кырдаал жарыялады. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы Арменияга чабарманын жиберди.
«Азаттыктын» армян кызматынын билдиргенине караганда, эртең менен күч менен таратылган демонстранттар Еревандын борборуна топтоло башташты. Армян баш калаасында бир нече күндөн бери президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы акция өтүп жаткан эле. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму демонстранттарга каршы күч колдонууну айыптап, кармалган оппозиционерлерди кое берүүгө үндөдү.
Вашингтон менен Прага америкалык антиракеталык радар системасын чех жергесине орнотуу боюнча келишимге кол коюу багытында дагы бир кадам ташташты. Шаршембиде Вашингтондо президент Жорж Буш менен Чех жумуриятынын өкмөт башчысы Мирек Тополанек жолугушту. Анда бул жаатта эч кандай расмий документке кол коюлбаганы менен, лидерлер тактала турган бир эле нерсе калды деп билдиришти.
Нью-Йорктун филармониялык оркестри тарыхта алгачкы жолу Түндүк Кореяда концерт берди. Оркестрдин жетекчиси Лорин Маазель концерт АКШ менен Түндүк Кореянын жакындашуусуна “чакан салым” кошот деген үмүтүн билдирди. Вашингтон менен Пхеньяндын дипломатиялык мамилелери жок экенин белгилей кетели.
Первез Мушаррафтын бийликтеги партиясы парламенттик шайлоодо утулганын моюнга алды. Улуттук Ассамблеядагы көпчүлүккө бир да партия ээ боло алган жок. Бирок маркум Беназир Бхуттонун жана дагы бир экс-премьер Наваз Шарифтин партияларына парламенттеги орундардын жарымынан көбү тийчүдөй.
Ишембиде (9-февралда) Түркия парламенти конституциялык алымча-кошумчаларды жактырды. Ошентип, жогорку окуу жайларда жоолук салынып жүрүүгө тыюу салган жобо өзгөртүлдү. Исламчылардын Адилет жана Өнүгүү партиясы жана аларга шерик болгон улутчулдар басымдуулук кылган парламенттин мындай чечими өлкөдө секулярдык асыл-нарктарды жактаган күчтөрдүн нааразылыгын туудурду. Адилет жана Өнүгүү партиясы башкарган өкмөт бул кадам аялдардын укуктарын коргоого багытталган десе, секулярдык багытты жактагандар түрк коому исламдашып баратат деп чочулашат.
Сербиянын президенти Борис Тадич Белград Косовонун эгемендүүлүгүнө макул болбойт деп кайталады. Айрым кабарларга караганда, провинция эгемендүүлүгүн ушул айдын ичинде жарыялашы ыктымал. Тадич маселени кайрадан талкуулоого чакырды жана косоволук албандар көз карандысыздыгын жарыялашса, бул - региондогу жаңжалдарды ырбатат деп эскертти.
АКШнын 24 штатында өткөн добуш берүү демократтар лагерине айкындык киргизген жок. Сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обама күтүлгөндөй эле дээрлик бирдей сандагы добуш алышты. Республикачылдардан болсо сенатор Жон Маккейн буга чейинки лидерлигин бекемдөөгө жетишти.
АКШнын 24 штатында бүгүн президенттикке талапкерлерди тандашат. Бүгүнкү ички партиялык шайлоо же “Чоң шейшемби” (Super Tuesday) ноябрда өтчү ат салышка ким катышаарын аныкташы мүмкүн. Коомдук пикирди сурап билүүлөр көргөзгөндөй, республикачылдардан жарышты сенатор Жон Маккейн утушу ыктымал. Ал эми демократтардын талапкерлери сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обама, сурамжылоолорго караганда, теңме тең баратышат.
Ирандык-франциялык режиссер Мернуш Солуки өткөн жылдын этегинде Тегерандан Парижге кайтып барды. Жаңы документалдуу тасма үчүн материал топтоп жүргөн Солуки былтыр камакка алынып, бир ай Эвин түрмөсүндө жалгыз адам кармалган камерада отуруп чыкты. Иран бийликтери анын паспортун алып коюшкандыктан ал өлкөдөн чыга албай жүрдү.
Россиянын башкы прокуратурасы экс-премьер-министр Михаил Касьяновго каршы кылмыш ишин козгоду. Аналитиктер бул – акыркы оппозициялык талапкерди президенттик жарыштан четтетүү аракети деп баалашууда.
Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиргенине караганда дүйшөмбүдө баш калаадагы мейманканага болгон кол салуудан 7 киши каза тапты. Катуу кайтарылган имаратка согушкерлер кантип кирип барганы түшүнүксүз. Адистер бул окуя козголоңчулар өз тактикасын өзгөрткөнүнөн кабар берет деп ырасташат.
Грузин оппозициясы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирүү иретинде 13-январда бир нече күндүк демонстрацияларды өткөрүүгө камданууда. Шейшембиде болсо оппозициянын бир нече лидери Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына кирип барып, комиссия төрагасын бурмалоолор үчүн айыпташты.
Европа биримдиги Сербиядан бөлүнүүгө далалаттанып жаткан Косовонун лидерлерине эскертүү жасады. Шаркеттин учурдагы төрагасы Словениянын премьер-министри Янес Янша провинция Евробиримдиктин жардамына көз каранды экенин эске салып, ал толугу менен эгемен боло албарын айтты.
Эл арлык байкоочулар кээ бир кемчиликтерге карабай, Грузиядагы президенттик шайлоо негизинен демократиялык стандарттарга ылайык өттү деп билдиришти. Оппозициялык лидерлер болсо баш калаанын борборунда митинг өткөрүштү. Алар кечээки добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деген нааразылыгын айтышууда. Алдын ала санактар Михаил Саакашвили алдыга озуп чыкканын көргөзүүдө.
3-январда грузиялык миллиардер Бадри Патаркацашвили талапкерлигин алып салуу чечимин өзгөртүп, президенттик шайлоого катышаарын билдирди. Эрте шайлоо жөнүндө өкмөт баш калаа Тбилисиде демонстранттарга каршы күч колдонгондон кийин жарыяланган. Шайлоо кампаниясы маалында бийлик Патаркацашвилини мамлекеттик төнкөрүш уюштурууну көздөөдө деп айыптаса, ишкер бийликтегилер аны өлтүрүүнү пландашкан деп ырастап келди.
Миллиондогон католиктер Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдө. Салттуу таат Ыйсанын туулган жери Бетлеем шаарында жана Ватиканда өттү.
27-ноябрда АКШнын Аннаполис шаарында ачылып жаткан Жакынкы Чыгыш боюнча конференция 7 жыл илгери токтоп калган тынчтык жараянын жандантууну көздөйт. Саммит баштала электе эле эксперттер америкалык дипломаттардын ийгилиги тууралуу сөз кылышууда. Эмне дегенде, Ирандын каршылыгына карабай, бир катар араб өлкөлөрү жыйынга катышуу ниетин билдиришти.
Илимпоздор адамды клондоштуруу багытында дагы бир кадам жасаган чакта, БУУнун Башкы ассамблеясы клондоонун бардык түрүн токтотууга үндөдү. Бир катар бейөкмөт уюмдардын аракеттеринен улам, ВИЧтен дарылоо курсу 70 чакты өлкөдө мурдагыдан 3 эсеге арзандады.
Дагы жүктөңүз